Жатаканалар

Жатаканалар жөнүндө маалымат

 

 

  1. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин төмөнкү даректерде жайгашкан 7 жатаканасы бар:
  2. №1 жатакана – Ч. Айтматов проспекти, 64 – Колледждин студенттери жана чет өлкөлүк студенттер үчүн;
  3. №2 жатакана – Ч. Айтматов проспекти, 66 – Студенттик жатакана;
  4. №3 жатакана – Ахунбаев көчөсү, 175А – Студенттер жана кызматкерлер үчүн;
  5. №5 жатакана – Малдыбаев көчөсү, 34Б – Студенттик жатакана;
  6. №6 жатакана – Малдыбаев көчөсү, 34Б – Студенттик жатакана;
  7. №7 жатакана – Малдыбаев көчөсү, 36/1 – Студенттик жатакана;
  8. №8 жатакана – Малдыбаев көчөсү, 36/1 – Үй-бүлөлүү кызматкерлер үчүн.

 

№

Жатаканалар

Дареги

Кабаттардн саны

Туру

Орундар

1Жатакана №1Ч. Айтматов проспекти, 64

4

Колледждин студенттери жана чет өлкөлүк студенттер үчүн200 студенттик бөлмө 
2Жатакана №2Ч. Айтматов проспекти, 66

4

Студенттик400 студенттик бөлмө
3Жатакана №3Ахунбаев көчөсү, 175А

4

Студенттер үчүн, КМТУнун кызматкерлери үчүн

50 студенттик бөлмө

120 уй-булөлук бөлмө

4Жатакана №5Малдыбаев көчөсү, 34Б

4

Студенттик170 студенттик бөлмө 
5Жатакана №6Малдыбаев көчөсү, 34Б

4

Студенттик230 студенттик бөлмө 

6

Жатакана №7

Малдыбаев көчөсү, 36/1

9

Студенттик;

250 студенттик бөлмө 

7

Жатакана №8

Малдыбаев көчөсү, 36/1

9

КМТУнун уй-булөлуу кзматкерлери учун

128 уй-булөлук бөлмө

 

 

 

Жатаканалар КГТУнун түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат жана башка шаарлардан келген күндүзгү бөлүмдө билим алган студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды, ошондой эле сырттан (аралыктан) билим алган студенттерди окуу мезгилинде, экзамендик сессияларда же дипломдук долбоорлорун коргоо учурунда убактылуу жайгаштыруу үчүн арналган. Ошондой эле турак жайга өзгөчө муктаж болгон окутуучуларга жана кызматкерлерге арналат.

Убактылуу жашоо үчүн бөлмөлөр студенттерге жана кызматкерлерге бардык зарыл документтерди тапшыргандан жана жашоо үчүн төлөм жүргүзгөндөн кийин берилет. Бир бөлмөдө жашагандардын саны 4 адамдан ашпоого тийиш.

           Жатаканага жайгашуу үчүн керектүү документтер:

  1. Арыз
  2. Паспорт (көчүрмөсү)
  3. Окуган жеринен маалымкат (кызматкерлер үчүн — иштеген жеринен маалымкат)
  4. Медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат, ага флюорографиялык текшерүүнүн жыйынтыгы милдеттүү түрдө киргизилиши керек
  5. 3 × 4 см өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
  6. Ишеним кат (18 жашка толо элек адамдар үчүн)

           Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде окууга кабыл алынган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары болгон студенттер үчүн белгиленген жалпы шарттарда жана тартипте студенттик жатаканаларга жайгаштырылат (жашоо үчүн төлөмдүн өлчөмүндөгү айырмачылыктар эске алынат).

           Белгиленген нормага ылайык, студенттик жатаканада бир бөлмөгө 4 адам жайгаштырылат. Студенттердин каалоосу боюнча бир бөлмөдө 4 адамдын ордуна 2 же 3 адам жашоосуна уруксат берилет, бирок төлөм прейскурантка ылайык 4 адам үчүн эсептелип алынат.

         Жатаканаларга жайгаштыруу uportal.kstu.kg порталы аркылуу электрондук форматта төмөнкү артыкчылыктар эске алынуу менен жүргүзүлөт:

  • башка шаардан келген күндүзгү бөлүмдүн 1-курсунун студенттери, жетим студенттер, I–III топтогу майыптыгы бар студенттер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттер;
  • академиялык өргүүдөн кайтып келген башка шаардан келген күндүзгү бөлүмдүн студенттери (эгер академиялык өргүүгө чыкканга чейин жатаканада жашаган болсо);
  • башка шаардан келген 2, 3, 4-курстун студенттери жана магистранттар, эгерде мурунку жашаган мезгилинде тартип бузуу фактылары жана карыздары жок болсо.

         18 жашка толо элек студенттер жатаканага бардык керектүү документтердин толук топтомун тапшыргандан кийин гана жайгаштырылат. Милдеттүү түрдө ата-энесинен же мыйзамдуу өкүлдөрүнөн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилиши керек. Ишеним катта жашы жете элек студенттин жатаканада жашоосуна жооптуу адам көрсөтүлүүгө тийиш.

         Университеттен чыгарылган учурда (же окуусун аяктаганда) жашап жаткан студент же кызматкер келишимге ылайык бөлмөнү 3 күндүн ичинде бошотууга милдеттүү.

         Жатаканада жашоо үчүн төлөм учурдагы окуу жылына бекитилген прейскурантка ылайык алынат. Прейскурант менен КМТУнун сайтынан таанышууга болот.

         КМТУнун студенттери, ошондой эле башка жогорку окуу жайлардын студенттери алдыдагы окуу жылына белгиленген жашоо акысын толук көлөмдө төлөшөт. Төлөм жатаканага жайгашканга чейин келишимдин негизинде банк аркылуу КГТУнун эсептик эсебине жүргүзүлөт.

         Толук жетим студенттер жатаканада акысыз жашашат.

  1. 1. Жатаканада жашоочулар төмөнкү укуктарга ээ:
  2. жыл сайын узартуу шарты менен түзүлгөн турак жайды ижарага алуу келишиминин негизинде бекитилген бөлмөдө жашоого жана ички тартип эрежелерин сактоого;
  3. жатакананын окуу жана маданий-тиричилик жайларын, жабдууларын жана инвентарларын пайдаланууга;
  4. жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча университеттин администрациясына сунуштарды киргизүүгө;
  5. келтирилген материалдык зыяндын ордун толтургандан кийин турак жайды ижарага алуу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга;
  6. жатакананын комендантынын макулдугу менен башка бөлмөгө көчүүгө.
  1. 1. Жатаканада жашоочулар төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
  2. жашоо эрежелерин, жатакананын ички тартип эрежелерин, коопсуздук техникасынын жана өрт коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле өткөрмө режимин так сактоого;
  3. жатакананын жайларына, жабдууларына жана мүлкүнө аяр мамиле кылууга, электр энергиясын жана сууну үнөмдүү пайдаланууга, тазалыкты сактоого, өз бөлмөлөрүндө күн сайын тазалык иштерин жүргүзүүгө, ал эми ашканаларда кезмет графигине ылайык тазалык жүргүзүүгө;
  4. бекитилген прейскурантка ылайык жатаканада жашоо үчүн төлөмдү өз убагында төлөөгө;
  5. университеттин администрациясы менен түзүлгөн турак жайды ижарага алуу келишиминин шарттарын так сактоого;
  6. өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана өз алдынча жасалган электр шаймандарын, ошондой эле кошумча электр жылытуучу түзүлүштөрдү колдонбоого;
  7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн турак жайды ижарага алуу келишимине ылайык келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга.

         Жатаканада жана анын аймагында алкоголдук мас абалында болууга, спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки тартууга, ошондой эле баңгизаттарды сактоого жана колдонууга катуу тыюу салынат.

 

 

 

 

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар