Автоматташтыруу, жасалма интеллект жана робототехника
И. Раззаков атындагы КМТУнун «Автоматташтыруу, жасалма интеллект жана робототехника» кафедрасы 1969-жылы негизделген. Кафедра башчысы — т.и.к., доцент Алмасбеков Айбек Алмасбекович.
Бакалавриат: 700500 «Мехатроника жана робототехника», «Робототехника жана жасалма интеллект» профили. Күндүзгү окуу, 4 жыл; кыскартылган окуу — профилдик колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн.
Эмнени окушат: компьютердик көрүү жана роботторду башкаруудагы ИИ ыкмалары, машиналык окутуу жана автономдуу системалар үчүн нейрондук тармактар, роботторду программалоо (Python, C++, ROS), микроконтроллерлор (Arduino, STM32, Raspberry Pi), приводдор жана күч электроникасы, автоматтык башкаруу теориясы, 3D-моделдөө жана 3D-басып чыгаруу.
Кайда окушат: FabLab Бишкек (3D-басып чыгаруу, электроника, прототиптөө), мехатрондук стенддери бар Лу Бань кесипканасы (Кытайдын Чжэцзян провинциясынын ЖОЖдору менен биргеликте), автоматташтыруу жана мехатроника лабораториялары, AutoCAD, SolidWorks, Inventor жана моделдөө чөйрөлөрү орнотулган компьютердик класстар.
Практика жана иш: студенттер Кыргызстандын өнөр жай ишканаларында практикадан өтүшөт («Пласформ» заводу, Бишкек машина куруу заводу, «Алтын түйүн», «Дастан» ТНК ж.б.). Бүтүрүүчүлөр инжиниринг жана сервис компанияларында, өндүрүштө, IT тармагында (кыстарылган системалар, IoT, компьютердик көрүү), билим берүүчү робототехникада жана өз стартаптарында иштешет.
Кафедра, окутуучулар жана кабыл алуу тууралуу толук маалымат — кафедранын сайтында air.kstu.kg. Кабыл алуу комиссиясы: 0770 09 05 09.

