Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Экономика жана бизнестин жогорку мектеби


        “Экономика жана бизнес жогорку мектеби” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  базасында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университеттерин бириктирүү жолу менен кайра уюштуруунун натыйжасында жана И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 2022-жылдын 1-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн.

       И.Раззаков атындагы КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектебинин (ЭБЖМ) өнүгүү тарыхы Н.Исанов атындагы КМКТАУнун “Экономика жана башкаруу” институтунун жана И. Раззаков атындагы КМТУнун “Инженердик-экономикалык” факультетинин өнүгүүсүнө негизделген. Бул эки бөлүм 1968-жылдан бери Фрунзедеги политехникалык институтунда Кыргыз Республикансынын өнөр-жай жана курулуш тармагына инженердик-экономикалык кадрларды даярдоо максатында уюшулган.

             ЭБЖМ экономика, бухгалтердик эсеп, тадлоо жана аудит, менеджмент, финансы, маркетинг, экономикалык коопсуздук, логистика, заманбап маалыматтык технологиялар, сертификациялоо, стандартташтыруу жана метрология тармагында талап кылынган адистерди даярдоо боюнча чоң тажрыйбасы бар 6 бүтүрүүчү кафедра кирет.

  1. «ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКАНАНЫН БАШКАРЫЛЫШЫ» кафедрасы
  2. «ФИНАНСЫ,ТАЛДОО ЖАНА ЭСЕП» кафедрасы
  3. «ЭКОНОМИКАЛЫК КООПСУЗДУК ЖАНА МАРКЕТИНГ» кафедрасы
  4. «МЕНЕДЖМЕНТ» кафедрасы
  5. «ЭКОНОМИКАДАГЫ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАР» кафедрасы
  6. «МЕТРОЛОГИЯ ЖАНА СТАНДАРТТАШТЫРУУ» кафедрасы

Экономика жана бизнес Жогорку мектебинин кафедралары 9 багыт боюнча бакалаврларды, 2 багыт боюнча адистерди жана 5 багыт боюнча магистрлерди даярдайт.