Компьютерная лингвистика
«Компьютердик лингвистика» кафедрасы И. Раззаков атындагы КМТУнун бүтүрүүчү кафедрасы болуп саналат жана лингвисттерди Компьютердик лингвистика багыты боюнча даярдоону жүзөгө ашырат. «Компьютердик лингвистика жана маданияттар аралык коммуникация» кафедрасынын башчысы – филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумалиева Гулира Эдилбековна. Окуу процессинин кадрдык камсыздоосу билим берүүнүн сапатына олуттуу таасир этет. Учурда кафедрада 11 профессордук-окутуучулук курам (ПОК) иштейт, анын ичинде 6 илимдин кандидаты, доценттер, 4 магистр. Сапаттык курамы – 55% түзөт.
Кафедра «Компьютердик лингвистика» багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди төмөнкү профилдер боюнча даярдайт: «Компьютердик лингвистика», «Компьютердик лингвистика жана лингвистикалык экспертиза», «Маданияттар аралык коммуникация, чет тилдерди техникалык жогорку окуу жайында окутуунун теориясы жана практикасы».
«Компьютердик лингвистика жана маданияттар аралык коммуникация» кафедрасы Кыргызстанда 710600-Компьютердик лингвистика багыты боюнча башкы (алдыңкы) жогорку окуу жайы болуп саналат. Бул багыттын окуу планы студенттер колдонмо лингвистикалык дисциплиналар менен катар маалыматтык системалар жана технологиялар, аларды талдоо жана табигый тилди автоматтык иштетүү боюнча конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн иштелип чыккан.

