Илимий-изилдөө иштери

«КЛиМК» кафедрасынын илимий багыты проф. Ж.К. Сыдыков тарабынан негизделген. Компьютердик лингвистика жана маданияттар аралык коммуникация кафедрасы ачылгандан бери төмөнкү окутуучу-профессордук курамдын 10 кандидаттык диссертациясы корголгон: З.П. Акжолова (2007), М.Т. Жапаров (2008), Г.Э. Жумалиева (2008), С.Ж. Карабаева (2009), М.Ж. Туменбаева (2010), Г.М. Айдыралиева (2011), Шакеева Н.М. (2017), Г.Д. Базарбаева (2018), К.Ж. Абыкеев (2018), Борукулова Г.Ш. (2019).

2006-жылдан бери КГУСТА им. Н. Исанованын ИНИТ КЛиМК кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы, КР УИАнын Тил жана адабият институту, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте «Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди маалыматтык технологияларды колдонуу менен изилдөө жана окутуу» темасында 6 Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган.

Анын натыйжасында РИНЦ системасында катталган «КГУСТА Жарчысы» илимий журналына катышуучулардын 300дөн ашык баяндамалары (макалалары) жарыяланган (2006, 2009, 2010, 2012, 2015, 2017).

2009-2013-жылдары доцент Г.Э. Жумалиева Logrus компаниясы (Москва, Россия) менен биргеликте Windows 7, Windows 8 операциялык системаларынын жана MS Office 10 пакетинин интерфейсин кыргыз тилине которууну ишке ашырган. Анын натыйжасында Windows жана MS Office программаларынын кийинки бардык версияларын колдонуучулар компьютерди кыргыз тилинде колдонууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Республиканын илимин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана кыргыз тилин маалыматтык технологияларга киргизүүдөгү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү көп жылдык биргелешкен үзүрлүү эмгеги үчүн Г.Э. Жумалиева «Кыргыз тили» төш белгиси жана Ардак грамота менен, ал эми С.Ж. Карабаева, К.А. Укуева, Г.Д. Базарбаева, М.Э. Аралбаев, К.Ж. Абыкеев, А.М. Касымбекова КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланышкан. Республиканын илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү окутуучулар КР БИМдин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен: ф.и.к., доцент С.Ж. Карабаева, ф.и.к., доцент Г.Э. Жумалиева, т.и.к., доценттин м.а. К.Ж. Абыкеев; жана КР БИМдин Ардак грамоталары менен: ага окутуучу Ж.А. Бейшебаева, ф.и.к., доценттин м.а. Г.Ш. Борукулова сыйланышкан.

 

Научно-технические разработки кафедры

План мероприятия

План научно-методической работы 2024

План мероприятий ко дню науки 2024-2025 г.г.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар