Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тамак-аш азыктарын ондуруунун технологиясы


Элеманова Римма Шукуровна 

Кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, профессор 

Дареги:  720044, Кыргызстан, Бишкек ш., Ч. Айтматов пр. 66, корпус 1, 1/312 каб.

Телефон: +996 312 54-51-63

Email: elemanova@kstu.kg

Website:  kstu.kg

 

 

Адистерди даярдоо күндүзгү жана дистанттык окуу формасында жана көп баскычтуу системада – бакалавр, магистратурада, Ph.D жүргүзүлөт.

“Тамак-аш илими жана технологиялары” бөлүмү окутууну 3 багытта жүргүзөт жана 6 адистик боюнча “бакалавр” квалификацияларында адистерди даярдап чыгарат.

  • 740 200 “Жаныбарлардын жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү” – “Бакалавр”;
  • 740 100 “Өсүмдүктөрдөн жасадуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү” – “Бакалавр”;
  • 720 200 “Биотехнология” – “Бакалавр”.

Бул багыттар төмөнкү адистиктерди камтыйт

  • Эт жана эт азыктарынын технологиясы;
  •  Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы;
  • Нан, макарон жана кондитердик азыктарынын технологиясы;
  • Тамак-аш биотехнологиясы;
  • Консервалар жана гулазыктар технологиясы;
  • Шарап жана ачытуу технологиясы.

Бул багыттагы адистер  эт, сүт, нан, кондитердик, макарон азыктарын; дан иштетүүчү, ун өндүрүүчү; тамак-аш кошулмалары (БAК) ж.б. азыктарды чыгаруучу  ири өнөр-жай ишканаларында да, чакан заводдордо да иштей ала турган ар тараптуу фундаменталдык жана практикалык даярдыгы бар адистер.

Кафедра ушул профилдеги адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген жабдуулар жана приборлор менен жабдылган. Кафедра эт, сүт, нан, кондитердик азыктарын, консервалар жана гулазыктар, шарап жана ачытуу азыктарды өндүрүү боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн тажрыйбалык өндүрүштүк жабдуулар менен жабдылган лабораториялар бар.

“Жаныбарлардын алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы жана аларды өндүрүү”  тармагында илимдердин бакалавры КМТУнун окутуу программасы ACQUIN Германия аккредитациялоо агенттиги тарабынан 30.09.2020 жылга чейин шексиз аккредитациядан өтүп, сапат белгисин далилдеген сертификат алган. Мындай абал бүтүрүүчүлөргө Европанын 41 өлкөсүндө иш орунуна ээ болууга жана 120 эл аралык ЖОЖдордо окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берет.