Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна мониторинг жүргүзүү. Бүтүрүүчүлөрдү даярдоо деңгээлин баалоонун негизги критерийлеринин бири бул тармактын ишканаларынын суроо-талаптары, б.а. аларды ишке орноштуруу болуп саналат. Бул көрсөткүч боюнча "Тамак аш илими жана технологиялар" кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү 85-100% чегинде жогорку натыйжаларды көрсөтөт. Бүтүрүүчүлөр тамак-аш өнөр жайынын көптөгөн алдыңкы ишканаларында ийгиликтүү иштешет, бул адистердин жогорку деңгээлде даярдыгынын далили. Бүтүрүүчүлөрдү өз алдынча иштөөгө ийгиликтүү адаптациялоого окуу мезгилинде студенттердин практикасынын бардык түрлөрүн уюштуруу көмөктөшөт. Ошондуктан, алар суроо-талапка ээ, туруктуу карьералык өсүшкө ээ жана андан кийин ишканалардын техникалык жана башкаруучу курамында жогорку кызматтарды ээлешет.
Жогорку окуу жайлары тарабынан кесип ээлерин даярдоо сапатын мүнөздөөчү көрсөткүч - бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу жана жумуш берүүчүлөр тарабынан болгон суроо талаптын жогору болушу. Ушул негизги көрсөткүч боюнча “ТАӨТ” кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү 85 % дан 100 % га чейинки натыйжалуу жыйынтыкты көрсөтүп келишет. Биздин бүтүрүүчүлөр суроо талап көп болгон тамак аш өндүрүшү тармагы менен байланыштуу. Тамак аш өндүрүшү – Кыргыз Республикасынын маанилүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Азыркы учурда өндүрүштөр жана азыктардын көп түрдүүлүгү кеңейүүдө, жаңылары түзүлүүдө, шарап өндүрүү жана ачытуу өндүрүшү кайра жаралууда жана алар жогорку квалификациядагы кесип ээлерине муктаж.
2020-жылы инженер жана бакалавр дипломдорун “Сүт жана сүт азыктарын технологиясы", "Эт жана эт азыктарынын технологиясы", "Нан, кондитердик жана макарон азыктарынын технологиясы", "Тамак-аш биотехнологиясы” деген төрт адистик боюнча кафедранын 55 бүтүрүүчүсү алышты