Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

(копия 1)

Кафедранын тарыхы


“Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы” кафедрасынын тарыхы

“Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы” кафедрасынын тарыхы

Тамак аш азыктарын өндүрүү технологиясы кафедрасынын пайда болушу жана иштешинин тарыхы, Фрунзе политехникалык институтунун алгачкы негизделген жылдары менен башталат. Тамак аш өндүрүү кафедрасы 1957-жылы түзүлгөн. Бул бөлүм биринчи болуп 3 адистик боюнча инженерлерди даярдай баштаган:

  • Эт жана эт азыктарынын технологиясы;
  • Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы;
  • Консервалоо технологиясы.

Кафедранын башында химия илимдеринин кандидаты Чешев К. С. турган. Кийинки жылдары кафедраны доценттер Романская М.Н., Валеева А.Н., Садабаев М.С., Мусабаев Н.А., Герасимова Л.К., Моисеенко А.С., Эстебесов М.А., Кожобекова К.К., Тамабаева Б.С. жана  КМТУнун профессору Райымкулова Ч. О. жетектеген. 2017-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин кафедраны техникалык илимдеринин доктору, профессор Мусульманова Мукарам Мухамедовна жетектеп келет.

Бөлүм түзүлгөндөн бери тамак-аш тармагында 7500-дөн ашуун тажрыйбалуу адистерди даярдады жана 600-дөн ашуун окуу-методикалык усулдар иштеп чагарылган.

Кафедранын ветерандары

Мусабаев Нурдин Аилчиевич

Техника илиминин кандидаты, доцент кафедрада 1964-1980-жж. иштеген. Фрунзе политехникалык институтун  (1964-ж.), Москва технологиялык эт жана сүт азыктарынын өндүрүшү институтунун (1970-ж.) «инженер-технолог» адистигин аяктаган. Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын эмгек синирген ишмери, «Эмгек ветераны» медалы.  40тан ашуун илимий эмгектери басылып чыккан жана бир ойлоп табуунун автору. 

Маматкеримов Рысбек Маматкеримович

Экономика илиминин кандидаты, «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы» кафедрасынын доценти. 1987-1995-жж. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде - улук окутуучу, доцент, «Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы» кафедрасынын башчысы. Көптөгөн илимий статьялардын жана «Материалдык-техникалык база - коомдук тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн негизи»  монографиясынын автору.

    Валиахметова Валентина Григорьевна

«Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы» кафедрасынын окутуучусу. 1956-ж. Фрунзе политехникалык институтунун механика-технологиялык факультетине тапшырган. 1961-ж. ФПИни аяктап сүт өнөр жайынын инженер-технологу деген дипломго ээ болгон. 1961-1964-жж. Республикалык илим изилдөө лабораториясынын сүт бөлүмүндө инженер-технолог болуп эмгектенген. 1964-1995-жж. Фрунзе политехникалык институтунун эт жана сүт азыктарынын технологиясы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

Герасимова Людмила Константиновна

Химия илимдеринин кандидаты, "Тамак-аш  азыктарын өндүрүү технологиясы" кафедрасынын доценти. Фрунзе политехникалык институтун 1960-жылы артыкчылык диплому жана тамак-аш өнөр жайынын инженер-технологу квалификациясы менен аяктап, 1960-жылдын сентябрынан баштап ФПИнин консервалоо технологиясы кафедрасында иштей баштаган: ага лаборант, андан кийин окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, технология факультетинин деканынын орун басары. 1964-жылы аспирантурага тапшырган; 1969-жылы химия илимдеринин кандидаты даражасын алуу үчүн кандидаттык диссертациясын коргогон, 1980-жылы "Консервалоо технологиясы" адистиги боюнча доцент академиялык наамы ыйгарылган. 150дөн ашык илимий эмгектердин, 10 Кыргыз Республикасынын патентинин, 50дөн ашык методикалык иштелмелердин автору.

Супонина Татьяна Алексеевна

Техника илимдеринин кандидаты, ТАӨТ кафедрасынын профессору, 1971-жылы Фрунзедеги Политехникалык Институтту артыкчылык диплому менен аяктаган, консерва өнөр жайынын инженер-технолог адистигин алып, стажер-изилдөөчү катары кафедрада калтырылган. 1972-жылы Ленинграддагы Муздатуу өнөр жай технологиялык институтунун аспирантурасынын күндүзгү окуу бөлүмүнө тапшырып, техникалык илимдердин кандидаты даражасын алган.

2007-жылы Супонина Т.А. "Жылдын мыкты профессору" наамы менен сыйланды. 2018-жылы  «КМТУга көрсөткөн өзгөчө кызматы үчүн» медалы менен сыйланган. 

Райимкулова Чынара Омурбековна

1974-ж. Фрунзе политехникалык институтунун технологиялык факультетине тапшырган. ФПИнин эт өнөр жайынын инженер-технологу деген адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1982-1987-жж. Москвадагы эт өндүрүшүнүн бүткүл союздук илим-изилдөө институтунда аспирантурада окуган жана ал жерде кандидаттык диссертацияны жактаган. 2006-ж. Москва мамлекеттик прикладдык биотехнология университетине докторантурага тапшырган.

Эмгек жолун улук лаборанттыктан баштаган, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор болуп эмгектенген. 2001-2016-жж. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасында кафедра башчысы болуп эмгектенген.

2003-ж. Москва метрология жана стандартизация, сертификация академиясынын филиалын аяктап “Айыл-чарба жана тамак-аш азыктарынын эксперти” деген дипломго ээ болгон.

Кафедрада иштеп жаткан мезгилде чоң илимий-методикалык иштерди алып барган. 85тен ашык илимий, 35 усулдук эмгектери жана жаны эт азыктары үчүн Мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгарган. Аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн илимий изилдөө иштерин жетектеген. Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын Академиялык кенешчиси, диссертациялык кеңешинин мүчөсү, И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы НИХТИнин биотехнология бөлүмүн жетектеген.

Райимкулова Ч.О. Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  айыл жана суу чарба министрлигинин “Тоо жеринин мыкты новатору” деген диплому менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана И. Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы менен сыйланган

Тамабаева Бибикуль Сулеевна

1965-ж. Фрунзе политехникалык институтунун технологиялык факультетине тапшырган. 1970-ж. эт өнөр жайынын инженер-технологу деген адистигин артыкчылык диплому менен аяктап, эт жана сүт азыктарынын технологиясы кафедрасында окутуучу болуп калган жана Москва технологиялык эт жана сүт өндүрүшү институтуна бир жылга стажировкага жиберилген.

1971-1974-жж. Москва технологиялык эт жана сүт өндүрүшү институтунун аспиранты болгон. 1974-ж. окууну аяктаар менен кандидаттык диссертацияны жактап, ошол эле жылы техника илиминин кандидаты деген наам ээ болгон.

1974-ж. бери окутуучу, улук окутуучу, 1980-ж. эт жана сүт азыктарынын технологиясы кафедрасында кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1987-1992-жж. – доцент, 1992-1996-жж. - эт жана сүт азыктарынын технологиясы кафедрасында кафедра башчы. 1996-ж. тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы жана коомдук тамак-аш азыктарын уюштуруунун технологиясы эки кафедра биригип, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасында, 2001-2009-жж. коомдук тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасында бөлүм башчы болуп эмгектенген.

1998-ж. Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти деген наам ыйгарылган. 2016-ж. профессор наамын алган. Чон илимий-методикалык иштерди алып барат, “Эн мыкты усулчу”, “Эн мыкты лектор” деген белгилер менен сыйланган. 40тан ашык окуу-усулдук иштерди чыгарган, анын ичинде эт жана эт азыктарынын технологиясы боюнча китептер бар. 230дан ашык илимий эмгектери жарыкка чыккан, алардын ичинен: 1 ойлоп табуу СССРде, Кыргыз Республикасында 13 патенти, 3 монография, эт азыктарынын жаны түрлөрүнө 8 Мамлекеттик стандарттары бар. Аспиранттарды жетектейт, алардын ичинен экөө кандидаттык диссертацияны жактаган.

Тамабаева Б.С. «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен, ЦК ЛКСМдин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Илимдер академиясынын дипломдору, ЦК ЛКСМдин, Кыргыз Республикасынын Федерация Кенешинин, Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана айыл жана суу чарба министрлигинин “Тоо жеринин мыкты новатору” диплому менен сыйланган.