Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Окуу-усулдук иштер


Кафедранын жамааты тарабынан жыл сайын окуу-методикалык адабияттарды басып чыгарууга даярдоо пландаштырылат. ЖОЖдор үчүн ББжИМ тарабынан сунушталган окуу куралдарын, окуу китептерин, практикумдарды даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Акыркы жылдары КР БжИМ грифи менен төмөнкү эмгектер жарык көрдү:

Мусулманова М. М., Токтогул кызы Рахат. Микробиология 2 курсу боюнча лабораториялык практикум / студенттер үчүн «Атайын микробиология» 720200 "Биотехнология" багыты, "Тамак-аш биотехнологиясы" профили;

Мусульманова М. М., Мамбетова А. Ш. Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы: окуу китеби, 2-басылышы, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн;

Джамакеева А. Дж. Эт чийки затын кайра иштетүүнүн физикалык-химиялык жана биохимиялык негиздери: студенттер үчүн лабораториялык практикум 740200 "Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү" багыты, "Эт жана эт азыктарынын технологиясы" профили; Smanalieva J. Iskakova J. Musulmanova M. Giertlova A. Kyrgyzstan’s Food Composition Table. Кыргызстандын тамак-аш азыктарын курамынын таблицасы: кыргыз жана англис тилдериндеги окуу куралы.

    Кыргыз тилинде эмгектерди басып чыгарууга даярдалды:

Мамбетова А.Ш., Сабырбекова А., Токтогул кызы Р. 740200 “Жаныбарлардан жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү” багыты боюнча “Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы”, “Эт жана эт азыктарынын технологиясы” профилдери  үчүн “Тамактануу илими жана тамак-аш функционалдык компоненттери” сабагы боюнча усулдук көрсөтмөсүн кыргыз тилине которуу (4 б.б.);

Касымова Ч.К. Кангелдиева Г.К. 740100 “Өсүмдүктөрдүн чийки заттарынан тамак азыктарын өндүрүү   жана анын технологиясы” багыты боюнча, “Нан, макарон жана кондитердик азыктарынын технологиясы” профили үчүн “Нан жана нан азыктарынын технологиясы” сабагына орусча-кыргызча терминологиялык сөздүк (2 б.б.)

Окуу-усулдук колдонмолорду жана иштеп чыгууларды чыгаруу пландары үзгүлтүксүз 100% аткарылып турат.