Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бүтүрүүчүлөр


Ишке орноштуруу жана келишим тузуу

Жыл сайын өндүрүш адистеринин деңгээлине болгон талаптар өсүүдө. Бул технологияларды, жабдууларды өркүндөтүү жана ХАССП, ISO 22000 талаптарын өндүрүшкө киргизүү менен байланыштуу. Ишкананын инженердик-техникалык кызматкерлери болуу үчүн өз адистигин теориялык жактан мыкты билүү, ошондой эле адистиги боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу зарыл. Тамак-аш ишканалары инженердик-техникалык кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу үчүн жаш адистерди жумушка алуудан мурун тестирлөөдөн өткөрүшөт. Көпчүлүк ишканалардын жетекчилери мурдагыдай эле И. Раззаков атындагы КМТУнун бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык беришет, бул бүтүрүүчүлөрдүн жогорку кесиптик даярдыгына жана практикалык билимдүүлүгүнө байланыштуу.

Университеттер менен ишканалардын ортосундагы кызматташтык билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жана өндүрүштө билимди эффективдүү пайдалануунун негизги куралы болуп саналат. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тамак-аш өнөр жайынын алдыңкы ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек столдор, Карьера күнү жана бош орундар жарманкеси үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.