Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Химия жана химиялык технологиялар


Сырымбекова Эркингүл Ибраевна

М. а. кафедра башчысы, химия илимдеринин кандидаты, доцент

Адрес 720044, Кыргызстан, Бишкек ш., ч. Айтматов пр. 66,

1 корпус, каб. 415

Тел: +996 (312) 56-15-02

E-mail: e.syrymbekova@kstu.kg

 

"Химия жана химиялык технологиялар" кафедрасы күндүзгү жана сырттан окутуунун технологиялык жана техникалык багыттарынын студенттерине химиялык сабактарды окутууну жүзөгө ашырат. Окутуу процессинде технологиялык багыттагы студенттер өз профилине ылайык химия боюнча керектүү көлөмдөгү билимге ээ болушат:  органикалык эмес жана органикалык химия, аналитикалык химия жана физика-химиялык ыкмалары, физикалык жана коллоиддик химия,полимерлердин физикасы жана химиясы.

 Окуу процессинде студенттер атайын дисциплиналарды үйрөнүү үчүн зарыл болгон негизги билимге, тиешелүү тармактар үчүн химия илиминин акыркы жетишкендиктери жөнүндө маалыматка ээ болушат. Окуу процессинде өзгөчө көңүл объекттердин, структуралардын же процесстердин билим берүү профилине ылайык келген классикалык жана заманбап изилдөө ыкмаларына бурулат.

Кафедра "Химик - изилдөөчү" (2007 жана 2009-жж.) профили боюнча адистерди эки жолу чыгарган. Бүтүрүүчүлөрдүн баары суроо-талапка ээ болуп, Кыргызстандын Химиялык лабораторияларында ("Кумтөр Голд Компани" ЖАК, "Көз карандысыз нан инспекциясы, Улуттук Илимдер Академиясы"), Россиянын, Өзбекстандын аналитикалык борборлорунда ийгиликтүү эмгектенишет. Ласанху Керим кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү аяктап, химия илимдеринин кандидаты болду.

2023-жылы кафедра 720100 "Химиялык технология" багытында, "Изилдөөчү химик" профилине кайрадан кабыл алууну баштайт. Бул уникалдуу билим берүү программасы, студенттерге көп кырдуу фундаменталдык даярдык менен бир катар анализдердин заманбап ыкмаларын (спектроскопия, хроматография, рентген-структуралык анализ ж.б.) өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бүтүрүүчүлөр өз билимдерин өндүрүштө ишке ашыра алышат. Мындай адистерге тоо-кен өнөр жай комплекси, энергетика, металлургия өндүрүшү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, айлана-чөйрөнү коргоо системалары ж. б. муктаж.

Кафедра тиешелүү профилдеги бакалаврларды даярдоо үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген жабдуулар жана приборлор менен жабдылган. Кафедранын лабораторияларында лабораториялык иштердин жүрүшүндө жана илимий изилдөө программалары боюнча студенттерди окутууну толук ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү приборлор бар.

"Химия жана химиялык технологиялар" кафедрасынын кадрдык курамы

 Кафедранын профессордук-окутуучулук курамында 11 окутуучу бар, химия илимдеринин 3 доктору, профессорлор, 6 илимдин кандидаты, доценттер. Алардын курамында "КРнын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкерлери", "КРнын Билим берүүсүнүн отличниктери" бар. Баткибекова М.Б. Эл аралык Инженердик Академиянын академиги, Джунушалиева Т.Ш. - КР Инженердик академиясынын мүчө-корреспондентти. "Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалы менен профессор М.Б. Баткибекова, Б. Б. Токтосунова сыйланышкан. М.Б. Баткибекова,Т.Ш.Джунушалиева, Б. Б. Токтосунова- докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча иштеп жаткан диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү.

2022-жылы кафедранын мугалимдери Сырымбекова Э.И. жана Кудайбергенова Д.С. "Нанотехнология" багыты боюнча кандидаттык диссертацияларын жактап химия илимдер кандидаты даражага ээ болушту.

  «Химия жана химиялык технология»

кафедрасынын кызматкерлеринин тизмеси

Ф.А.А.

Кызматы

Илимий наамы, илимий даражасы

Сыйлыктары

Ардак наамдар

1

Сырымбекова Эркингул ИбраевнаДоцентх.и.к., доцент«КР Билим берүүнүн отличниги», 

2

Баткибекова Мира Баткибековна

Профессор

х.и.д., профессор

«КР эмгек сиңирген ишмери», КР «Данк» медалы , Алтын медаль ВОИС

Эл Аралык Инженердик Академиясынын Академиги

3

Токтосунова Батма Бадировна

Профессор

х.и.д.,профессор

«КР Билим берүүнүн отличниги», Алтын медаль ВОИС, КР Өкмөтүнүн «Алкыш»

 

4

Хусаинова Роза Юсуповна

Доцент

х.и.к., доцент

«КР Билим берүүнүн отличниги»,

 

5

Абдыкеримова Алиман Сарыпбековна

Доцент

х.и.к., доцент

«КР Билим берүүнүн отличниги», 

6

Мурзабекова Элмира ТункатаровнаДоцентх.и.к., доцент 

 

7

Кудайбергенова Динара Сабыровна

доцент

х.и.к.

 

 

8

Молдоканова Динара АмантуровнаУлук окутуучу 

 

 

9

Кийикбаева Асель ЫрысбековнаУлук окутуучу 

 

 

10

Жамангулова Гулжаш АлтымышевнаУлук окутуучу

 

 

 

11

Долоткан кызы НадираЛаборант

 

 

 

12

Чукунова Эльмира КачкынбековнаИнженер 

 

 

 

13

Тоялиева Джипар СейтказиевнаЛаборант