Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбиялык иштер


Студенттер менен окуудан тышкаркы иштерди уюштуруу - кафедранын тарбиялык иш планы боюнча ишке ашырылат, анда окууну уюштуруу жана контролдоо, студенттердин сабактарга катышуусу, химиялык дисциплиналарды изилдөө процессинде илимий ой жүгүртүүнү калыптандыруу, ЖОЖдо биринчи курстагыларды адаптациялоо, студенттерди илимий ишке тартуу, жалпы адамзаттык баалуулуктар: гуманизм, демократия, мекенчилдик, республиканын улуттук баалуулуктарына: тилге, каада-салттарга, адеп-ахлактык маселелерге, пропагандалоого жана интернационализмге тарбиялоо түшүнүктөрүн жана идеяларын калыптандыруу жана өнүктүрүү маселелери камтылган.

Кафедрада тарбиялык иштер тарбия иштеринин планына ылайык жүргүзүлөт.

Кафедрада кураторлор жок, ушуга байланыштуу тарбия иштери окутуучулар тарабынан негизинен сабак учурунда студенттер менен түздөн-түз байланышта жүргүзүлөт.

ХжХТ кафедрасында 1- курстардын студенттери окушат, ошондуктан негизги басым окутуунун кредиттик технологиясынын системасын түшүндүрүүгө: өз убактысын уюштурууга жана бөлүштүрүүгө, модулдук системанын өзгөчөлүктөрүнө, модулдардын берилишине, лабораториялык жана практикалык сабактарга даярданууга жана аларды аткарууга, методикалык куралдар жана адабияттар менен иштөөгө жасалат.

Окуу процесси учурунда студенттердин сабака катышуусу,жүрүм-туруму көзөмөлдөнөт.

Студенттерди илимий-иштерге кызыктырып,тартып, аларды илимий китеп,журналдар менен иштөөнү, эксперимент жасоону жана жыйынтык чыгарууну үйрөтүү. Ошондой эле демонстрациялык эксперименттерди абитуриенттерге,конокторго (КМТУнун илимий конференцияларда,абитуриенттер менен жолугушууларда) көрсөткөндү   үйрөтүү.

Окуу жылынын башталышынан тартып студенттер факультетте жана КМТУда өткөрүлгөн бардык коомдук иш-чараларга: КМТУнун ачык эшик күндөрүнө, университет күнүнө, химик күнүнө тартылышат.

Химиялык майрамды уюштурууга кафедранын окутуучулары жана университеттин 1-2-курстарынын студенттери катышат. Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары чакырылат. Майрамдын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт: демонстрациялык тажрыйбалар, көңүл ачуучу викториналар, иондордун бийлери, соло номерлери. "Вулкан", "Фараон жыландары", "Күйбөс жоолук", "Жараат алуу", "Сүт", ж. б. демонстрациялык тажрыйбалар.

Кафедрада жана КМТУда өткөрүлгөн ишембиликтерге катышуу, кафедранын стенддерин, лабораторияларын жасалгалоого жардам берүү кафедранын жамаатын жана студенттерди эмгекке тарбиялоонун элементтери болуп саналат.

Кафедранын жамааты жана студенттери  факультетте жана университетте өткөрүлгөн бардык иш-чараларга: уюштуруу-массалык, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга, Жаңы жылдык кечелерге, "Сармерден" фестивалына, "Нооруз"фестивалына өткөрүүгө активдүү катышат. Университеттин «Ачык эшик» кунун уюштурууда активдүү катышып  демонстрациялык тажрыйбалар көрсөтүлөт. Мугалимдер менен студенттер көрсөтүүсү келген абитуриенттерди аябай кызыктырат.