Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илимий-изилдөө иштери


Кафедранын"Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо" илимий көйгөйү Университеттин Илимий изилдөө  пландарына киргизилген. Бул көйгөйдү камтыган негизги темалар: "Алтын кармаган кендерден алтынды алып чыгуусунун коопсуз технологияларын иштеп чыгуу", "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу", "Донор-акцептордук  бирикмелердин синтези жана термодинамикасы", “КР табигый сууларын тазалоосунун экспресс-ыкмалары”, "Нанотехнология". Изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк ишканалары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Химия жана химия»  институтунун ( азыркы «Химия жана фитотехнологиялар» институту) окумуштуулары, "Кыргызгеология" өндүрүштүк бирикмеси, Бишкектеги Сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору, ошондой эле Д. И. Менделеев атындагы Россия химия-технологиялык университети, Алматы технологиялык университети ж. б. менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Ошентип, Кадамжай сурьма комбинатынын заказы боюнча: металлдардын эритмесин( сурьма, коргошун, калай ж.б.) бөлүп чыгаруу менен рафинаддалган шлактарды утилдештирүү ыкмасы,натрий сульфатын бөлүп чыгаруу менен агызуучу электролит иштелип чыккан. Туруктуу алтын камтыган кендерден алтынды экологиялык жактан коопсуз тиокарбамид менен алуу ыкмасы иштелип чыкты. М.Б.Баткибекова жана Т.Ш. Джунушалиеванын изилденүүчү проблемасынын алкагында "Туруктуу алтын камтыган сульфид кендеринен алтынды цианидсиз алуу" долбоору иштелип чыккан, эл аралык илимий-техникалык борбордун (МНТЦ) 30 миң евро (2004-ж.) гранты утуп алынган, Улуу Британиянын, АКШнын окумуштуулары менен биргеликте иштер ийгиликтүү аткарылган. Каржылоочу тарап-Европа коомчулугу. Коллабораторлор - доктор Ян Крайсон (АКШ), доктор Реймар Селтманн (Улуу Британия)

Кыргызстандын бардык региондорунун табигый сууларынын жана топурактарынын химиялык курамы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Алтын кен чыккан жерлердин жана калдыктарды сактоочу жайдын экологиялык жактан кооптуу райондорунда табигый суулардын жана кыртыштардын үлгүлөрүндө оор металлдар аныкталды. Ичүүчү сууну атайын  реагенти менен тез тазалоонун ыкмасы иштелип чыкты жана ага патент алынды.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамында 11 окутуучу бар, химия илимдеринин 3 (Баткибекова М.Б., Джунушалиева Т.Ш., Токтосунова Б.Б.) доктору, профессорлор, 6 илимдин кандидаты, доценттер. 

Профессор Баткибекова М. Б. – И.Раззаков атындагы КМТУнун Илимий-изилдөө химия-технологиялык институтунун директору . Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын базасында  Химиялык технологиялар боюнча Илимий-изилдөө бөлүмү уюштурулган ( жетекчиси – проф. Т. Ш. Джунушалиева). Бөлүмдүн курамынды ийгиликтүү иштегендер : проф Борбиева. Д. Б., доцент Сыдыкова Ш. С., доцент Сырымбекова Э. И.,  "Химик-изилдөөчү" тобунун студенттери.

Профессорлор М.Б. Баткибекова ,Т.Ш.Джунушалиева, Б.Б.Токтосунова - кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоо боюнча иштеп жаткан диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү. М. Б. Баткибекова - Эл аралык инженердик академиясынын академиги,Т.Ш.Джунушалиевав -КР Инженердик Академиясын мүчө – корреспонденти.

Кафедранын окутуучуларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары бир катар монографияларда, алдыңкы илимий журналдарда жарыяланган көптөгөн макалаларда, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү илимий-практикалык конференциялардын материалдар жыйнактарында, автордук күбөлүктөрдө, патенттерде бекитилген.

2023ж. Скопуска эки макала кафедранын мугалимдеринен (Джунушалиева Т.Ш.,Сырымбекова Э.И.) жөнөтүлүп кабыл алынды.

2022/23 окуу жылында доценттер Э.И.Сырымбекова жана Д.С.Кудайбергенова  кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, аларга химия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Азыркы учурда кафедрада-бир аспирант бар Кудайбергенова Тазагүл Кудайбергеновна.

КМТУнин базасында" ЖОЖдор аралык окуу-изилдөө хабы " долбоорлору иштелип чыгып, эл аралык каржылоо фонддоруна сунушталды. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен Эл аралык жана Республикалык илимий-практикалык конференциялардын ишине катышат. Алар өз эмгектеринин материалдарын жогорку рецензияланган илимий журналдарда жана жыйнактарда, ошондой эле жылдык отчет катары жарыялашат.

Студенттердин илимий-изилдөө иштери

 Студенттер этап менен ишке ашырылуучу илимий иштерге активдүү тартылышат: илимий реферат, химиялык анализ ыкмаларын өздөштүрүү, эксперименталдык бөлүктү пландаштыруу жана аткаруу, жыйынтыктарды жалпылоо , докладды даярдоо, конференцияда сөз сүйлөө.

Кафедранын окутуучулардын жетекчилиги астында аткарылган студенттик изилдөө иштери, КР Билим жана илим министрлигинин, МВжССО  дипломдору менен сыйланышты. Макалалар  ар жылкы студенттик конференциялардын жыйнактарына жана  рецензиялануучу илимий журналдарда жарыяланган.

МЛ-1-06 тобунун студенти В.Гуцал,  "Эски автомобилдердин покрышкаларынан жасалган еврорубероид" деген ишине  КР Мамлекеттик патент кызматынын Гран-При сыйлыгы ыйгарылган (жетекчиси – проф Борбиева. Д. Б.).

МС-1-10 тобунун студенти Кичигин А. «Суунун тазалоо ыкмасы» деген эмгеги менен эл аралык  сынагында Гран-При жана  $2000 менен сыйланды (илимий жетекчиси х. и.д., проф.Т.Ш.Джунушалиева)

2023 жылындагы студенттик илимий конференцияга 20 студент өздөрүнүн илимий иштеринин негизинде доклад жасашты.Бир нечеси КМТУнун дипломдоруна ээ болушту.Алардын арасында: Кожогулов Марсель,Резник Виталий,Никушина Анастасия ж.б.

Аспирантура

Кафедрада аспирантура ийгиликтүү иштеп жатат, анда химия илимдеринин доктору Джунушалиева Т.Ш., илимдин 6 кандидаттары: Жолдошев Б.М., Стамбекова Б.Б., Абдылдаев Ф.А., Усубалиев А. М., Кулмурзаева А.М., Р.Ш. Элеманова окууларын аякташты жана корголушту. Химия илимдеринин доктору, профессор М.Б. Баткибекованын “Илимий мектеби” ийгиликтүү иштеп жатат. Профессор Т.Ш.Джунушалиеванын жетекчилиги алдында 2 кандидаттык диссертация ийгиликтүү жакталды.