Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Борбордун максаттары жана милдеттери


И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттерди тейлөө борбору  (мындан ары – КМТУ СТБ) – студенттер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү жана тейлөөнүн жогорку стандарттарын камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана академиялык чынчылдык принциптерин жайылтуу максатындагы түзүмдүк бөлүм. 

СТБнын негизги милдеттери:

 сапат чөйрөсүндө КМТУнун саясатын жана максаттарын ишке ашыруу;

 бирдиктүү терезенин негизинде студенттерге өз убагында жана сапаттуу   кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу;

 билим берүү траекториясын курууда студенттерди маалыматтык жактан камсыздоо;

 студенттердин суроо-талабы боюнча маалымат берүү жана кызматтарды көрсөтүү (арыздарды кабыл алуу жана каттоо; арыздарды кароо жана иштеп чыгуу; иш кагаздарынын бардык түрлөрүнө арыздарды кабыл алуу (маалымкат, транскрип ж.б.);

 билим берүү процессинин маалыматтык ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу, өз ара сыйлоо маданиятын калыптандыруу жана коррупциянын көрүнүштөрүнө чыдабаган чөйрөнү түзүү;

 борбордун иши боюнча документацияны жүргүзүү жана отчетторду даярдоо.

КМТУ СТБнын иш багыттары:

билим берүү жана билим берүү тармагында студенттерди тейлөөнүн маданиятын жана сапатын жогорулатуу;

электрондук форматта кызмат көрсөтүүгө өтүү аркылуу билим берүү ишинин бизнес-процесстерин оптималдаштыруу;студенттерге маалыматтык жана консультациялык жардам.