Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

IT департаменти


И.Раззаков атындагы КМТУнун IT-департаменти 2017-жылы түзүлүп, көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ жана анын ишмердүүлүгү бекитилген Жобо менен жөнгө салынат.

IT-департаменттин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын маалыматтык билим берүү мейкиндигинде И.Раззаков атындагы КМТУнун позициясын бекемдөө, университетте билим берүү тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, электрондук окутуу жана дистанттык окутуу технологияларын колдонууну жана киргизүүнү өнүктүрүү.

Окуу процессин уюштуруу студенттердин КМТУнун билим берүү ресурстарына (http://kstu.kg), ошондой эле билимди текшерүү системаларына жетүү үчүн Интернетти колдонууга негизделген заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылат.
IT-департамент окуу процессине техникалык колдоо көрсөтөт жана профессордук-окутуучулук курамды дистанттык окутуу технологияларына окутат.

IT-департамент И.Раззаков атындагы КМТУнун дистанттык билим берүү системасын өнүктүрүү жана туруктуу иштеши үчүн бардык кафедралардын ишин уюштурууга жана координациялоого, ошондой эле  И.Раззаков атындагы КМТУнун маалыматтык билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу жана өнүктүрүүн иштерин координациялоого жана аны Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык билим берүү чөйрөсүнө киргизүүгө жооптуу.