Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Өнүгүү жана инвестицияларды тартуу проректору


Сыдыков Жыргалбек Дуйшекеевич
Өнүгүү жана инвестицияларды тартуу проректору

1972 жылдын 4-мартта Дөрбөлжүн айылында Ак-талаа районунда туулган. 1979 жылы Байгөнчөк айылында баштапкы мекткепке кирип, 1989-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтуна тапшырып, 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Машина куруу факултетинин  “Машина куруу” адистигин бүтүрүп, инженер-механик квалификациясына ээ болот.

1994-97 -жылыдары Кыргыз тоо-кен институтунун (КТ-КИ) аспирантурасына күндүзгү бөлүгүндө экология адистигинде окуйт.

 1995-96 жылдары (КТ-КИ) “Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу” кафедранын окутучу стажер, ал эми 1997-2003 жылыдары октуучу, ага октучу  болуп иштеген, ошол электе убакта 1997-98 жылдары Улуттук Илимдер Академиясыныны “Химия жана химиялык технология “ инстутунда инженер-эколог кошумча аркалаган жумушта иштеген. 

1997-2002 жылдары ректордун жардамчысы, 2002-2003 кафедра башчысынын орун басары болуп болуп иштеген.

 2004-2008 жылдары Москва шарында КРнын элчилигинде кызмат өтөгөн. Ал эми 2008-10-жылы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин “Тоо-кен иштери жана тоо технологиялары институтунун “Өндүрүштүн коопсуздугу” кафедра башчынын орун басары, ага окутууучусу. 2010-2017 жылдары  окуу бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

2017 жылдан бүгүнкү күнгө чейин  И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университтетинде окуу бөлүмүндө начальник болуп иштейт

Ал эми 2010-жылы “Карбонаттык техногендик заттын конверсиясы жана газ фазасында көмүртектин кош кычкылынын эмиссиясынын азайышы” деген темада 25.00.36.- Геоэкология адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган(КРнын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими 26.10.2010 жылы протокол 7к-1/3).

2015-жылы КРнын Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен 03.11,.2015жылы (протокол№7дц-2/5) “Экология” адистиги боюнча Доцент деген окумуштуулук наамын алган.

Ошондой эле 1996-2015 жылга чейин 40 жакын илимий иштерди жасаган, алардын ичинен эки окуу китебин (бирөө министирдиктин грифи менен 4 окуу-усулдук китепчесин чыгарган.

 2012жылы билим берүүнүн отличниги деген төш белгиси менен сыйланган.

2018-жылы Казахстандагы Тараз инновация-гуманитардык университенин юбилейлик медалы менен сыйланган. Ал эми 2019 жылы Бишкек шаардык кенешинин ардак баракчасы менен сыйланган.


Телефон: +996 312 56-51-31

e-mail: sydykov@kstu.kg