Немис тили борбору

КЫРГЫЗ-ГЕРМАН ТЕХНИКАЛЫК ИНСТИТУНУН

НЕМИС ТИЛ БОРБОРУ

        Немис тил борбору Кыргыз-Герман техникалык институтунун алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп саналат. Ал 2014-жылдын 1-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында негизделген.

Толук расмий аталышы:

кыргыз тилинде: 

«И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Герман техникалык институтунун Немис тил борбору» (КМТУ КГТИ НТБ)

орус тилинде:
«Центр немецкого языка Кыргызско-Германского технического института Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова» (ЦНЯ КГТИ КГТУ)

немис тилинде:
«Deutsches Zentrum des deutsch-kirgisischen technischen Instituts der kirgisischen staatlichen technischen Universität I. Razzakov» (DZ DKTI KSTU)

англис тилинде:

«I.Razzakov Kyrgyz State Technical University Kyrgyz-German Technical Institute German Language Centre » (KSTU KGTI NTB)

      Немис тил борборунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө доценттер Ромашова З.Н., Абдукаримова З.А. жана окутуучу Тажиева Ж.А. чоң салым кошушкан. Борбордо Германиянын, Швейцариянын жана Австриянын билим берүү программаларынын өкүлдөрү — Катя Тевс, Корнелия Гаучи-Холенштейн, Геральд Зиглер иш алып барышкан.

      Негизделген жылдар аралыгында Немис тил борборунда ДААД-лекторлор эмгектенишкен:
2014–2019-жж.-Ив Таушвиц;
2019–2024-жж.- Дагни Вольф;
2024-жылдын сентябрь айынан тартып ДААД-лектор катары Торстен Кеслер иштеп келет.

Немис тил борборунун жетекчилери:
2014–2017-жж. - Светлана Лунгрен;
2017–2024-жж. -Токтосунова Шахиста Ташмурзаевна;
2024-жылдын 1-сентябрынан тартып борборду филология илимдеринин кандидаты, доцент Андашева Фатима Темиркуловна жетектеп келет

        Немис тил борборунда көп жылдык иш тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет: филология илимдеринин кандидаты, доцент Андашева Ф.Т.; доцент Токтосунова Ш.Т.; Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниктери - доцент Абдукаримова З.А., доцент Мадылова Г.К.; улук окутуучулар -Барбашева М.С., Абдылдаева Г.М., Исмаилова Г.У., Кулунова А.К.; окутуучулар - Адбрахманова Н.А., ДААД-лектор Т. Кеслер; жетектөөчү адис Андашева Н.Ш.

        Негизделген жылдар аралыгында Немис тил борбору Кыргызстандагы заманбап билим берүү борборлорунун бири болуп калыптанды. Борбор КГТИнин бардык багыттары боюнча 1-3-курстардын студенттерине, ошондой эле И. Раззаков атындагы КМТУнун магистранттарына жана кызматкерлерине немис тилинин практикалык курстарын окутат. Окуу процесси чет тилдерди окутуунун заманбап усулдарын колдонуу менен жогорку деңгээлде уюштурулат. Жыл сайын ДААД-лектор Т. Кеслер TestDaF жана OnSet экзамендерин өткөрөт.

         Немис тил борбору Германиянын Академиялык алмашуулар кызматы (DAAD), Германиядагы Ильменау техникалык университети жана Ильменау ТУнун Тил институту менен тыгыз кызматташат. 2024-жылдын ноябрь айынан тартып Ильменау техникалык университетинин Тил институту (Германия) менен Немис тил борборунун ортосунда активдүү кызматташуу жүргүзүлүүдө. Бул кызматташуунун негизги максаты КГТИде техникалык немис тилин киргизүү.

НЕМИС ТИЛ БОРБОРУНУН

БИЛИМ БЕРYY ИШМЕРДYYЛYГYНYН МАКСАТЫ:

  • НТБ ишмердүүлүгүнүн жалпы уюштуруучулук багыттарын өнүктүрүү;
  • кадрдык потенциалды өркүндөтүү;
  • билим берүү ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук, илимий жана методикалык формаларын кеңейтүү;
  • студенттерге тилдик даярдык үчүн кошумча шарттарды түзүү;
  • немис тилин билген жогорку квалификациялуу техникалык адистерди даярдоону камсыз кылуу.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар