Окуу-усулдук иш
Немис тил борбору КГТИнун студенттерин немис тили боюнча адистиктердин окуу пландарына ылайык даярдоону ишке ашырат жана көмөкчү, бүтүрүүчү эмес кафедра болуп саналат. Окутуу кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон сүйлөө ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрү боюнча комплекстүү жүргүзүлөт жана төмөнкү максаттарды камсыз кылат:
-кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүндө оозеки баарлашуу;
-атайын адабияттарды жана мезгилдүү басма сөз материалдарын окуп, кесиптик маанилүү маалыматтарды алуу;
-заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен ишкердик кат алышуу жана документ жүргүзүү;
-аутенттик материалдарды чыгармачылык менен талдоо жана мазмундук-стилистикалык жактан иштеп чыгуунун негизинде кесиптик багыттагы ар кандай жазма иштерди (резюме, баяндама, реферат, эссе) жазуу
Окуу процессин өркүндөтүү, өнүктүрүү жана тилдик даярдыктын сапатын жогорулатуу максатында Немис тил борбору ишмердүүлүктүн төмөнкү багыттарын карманууну көздөйт:
-илимий-методикалык ишмердүүлүк;
-окуу-методикалык ишмердүүлүк;
-уюштуруучулук-методикалык ишмердүүлүк
Илимий-методикалык ишмердүүлүк:
Илимий-изилдөө иштерин (ИИИ) уюштурууда эки негизги багытты бөлүп көрсөтүү пландалууда:
1.Жалпы кафедралык тема:
«Тил теориясындагы маданияттар аралык коммуникация маселелери жана техникалык жогорку окуу жайда немис тилин окутуунун интерактивдүү усулдары». Бул тема студенттердин чет тилин өздөштүрүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тилдик билим берүүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу, негиздөө жана ишке ашыруу маселелерин изилдөөгө арналган.
2. Окутуучулардын жеке илимий изилдөөлөрү, тилдин ар кандай аспектилерин изилдөөгө багытталган.
Кафедранын илимий концепциясы - окутуунун методологиялык негиздерин изилдөөгө, билим берүүнүн сапатын мониторинг жүргүзүү аркылуу өнүктүрүүгө жана лингводидактиканын жаңы технологияларын, тактап айтканда:
-кесиптик багытталган методикаларды (ишкердик тил, атайын максаттар үчүн чет тилдер);
-автономдуу окутууну өнүктүрүү методикаларын;
-инсанга багытталган методикаларды
киргизүүгө негизделген сапатты башкаруу тутумун ишке ашыруу болуп саналат
Немис тил борборунун илимий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары илимий-методикалык басылмаларда чагылдырылып, кафедранын окутуучулары тарабынан ар кандай деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларда баяндалып, окуу процессине киргизилет.
Окуу-методикалык ишмердүүлүк:
-окуу курстарынын жана дисциплиналардын жумушчу программалары;
-окуу процессинин календарлык графиги;
-тиешелүү билим берүү технологияларын ишке ашырууну камсыз кылган методикалык материалдар;
-билим алуучулардын даярдыгынын сапатын камсыз кылуучу материалдар;
-КГТИ адистиктеринин багыттары боюнча курстар жана адистештирилген немис тили боюнча окуу куралдарын даярдоо, басып чыгаруу жана жаңылоо;
-студенттердин даярдык деңгээлине жараша чет тилин өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү оригиналдуу аутенттик материалдарды тандоо.
Тилдик билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн билим берүү процессин уюштурууда жаңы методикалык-технологиялык ыкмаларды иштеп чыгуу зарыл.
Уюштуруучулук-методикалык ишмердүүлүк:
Окуу процессин өркүндөтүү окутуунун жаңы формаларын киргизүү аркылуу ишке ашырылат:
-чет тилдерди окутуунун активдүү усулдары;
-интенсивдүү окутуу формалары;
-ролдук жана ишкердик оюндарды колдонуу;
-окуу материалдарын модулдар түрүндө уюштуруу;
-студенттердин билимин баалоонун модулдук-рейтингдик тутумуна катышуу.
Окуу процессинин натыйжалуулугун камсыз кылууда көзөмөлдөө функциялары маанилүү роль ойнойт, алар окуу ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет:
-учурдагы көзөмөл;
-жыйынтыктоочу (сессиялык) билим сапатын көзөмөлдөө;
-академиялык карыздарды тапшырууну көзөмөлдөө
Материалдык-техникалык база:
Окуу процессин камсыз кылуу жана уюштуруу үчүн учурда Немис тил борборунун карамагында төмөнкү аудиториялар бар:
Кафедра | Бекитилген аудитория | Атаалышы | Аянты |
|---|---|---|---|
НТБ | 2/425 | Немис тил борбору | 31 м² |
НТБ | 2/306 | Окуу кабинети | 56 м² |
НТБ | 2/405 | Окуу кабинети | 37 м² |
НТБ | 2/309 | Окуу кабинети | 38 м² |
НТБ | 2/611 | Окуу кабинети | 37,1 м² |
Жалпы аянты: |
|
| 199,1 м² |
Чет тилдердеги видеоматериалдарды көрүү үчүн 2-405, 2-306 аудиторияларында проекторлор жана экран менен жабдылган 1 көчмө (портативдик) проектор колдонулат.
Өнүгүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу
План работы кафедры за текущий год
Тарифтөө тизмеси
Годовые отчеты ЦНЯ
НЕМЕЦ ТИЛИ БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕР КОНТИНГЕНТИ
2024–2025-окуу жылы
№ | Курс | Студенттердин саны |
|---|---|---|
| 1 | 1-курс | 288 |
| 2 | 2-курс | 177 |
| 3 | 3-курс | 164 |
| ЖАЛПЫСЫ | 629 |
2025–2026-окуу жылы
№ | Курс | Студенттердин саны |
|---|---|---|
| 1 | 1-курс | 265 |
| 2 | 2-курс | 288 |
| 3 | 3-курс | 178 |
| ЖАЛПЫСЫ | 731 |

