Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбиялык иштер


Тарбиялык, уюштуруучулук жана башка иштер

  • Кафедра кураторлук кылган топтордогу тарбиялык иштерди, кафедра башчысы тарабынан бекитилген куратордук иштердин планына ылайык жүргүзөт.
  • Кафедра студенттердин электрондук базасын түзөт жана анда төмөнкү өздүк маалыматтар чагылдырылат:студенттин аты-жөнү, туулган жылы, катталган дареги, жашаган жери, телефон номери, WhatsApp номери, facebook/Instagram баракчаларынын маалыматы, ата-энеси тууралу маалымат. Өздүк маалыматтар жогорку купуялуулукка ээ жана ачык булактарга жарыяланышы мүмкүн эмес.
  • Кафедра ар бир студентке пландалган жана пландан тышкары медициналык кароолордон өтүп туруу милдеттемеси менен медициналык китепчелерди ачат.
  • Тарбиялык иштерди алып барууда кафедра студенттерге карата төмөнкү саясатты колдонот: сабактарга милдеттүү түрдө катышуу; окуу процессине активдүү катышуу; студенттер тарабынан тапшырмаларды өз убагында аткаруу; сабактарга өз убагында катышуу; сабактарды социалдык жана этикалык жүрүш-турушу; модульду тапшырууда жана анын жыйынтыктарын билүүдө лекторго жана окутуучуларга сый-мамиле жасоо; сырткы көрүнүшкө ишкер же нейтралдуу дресс-код, сабактарды далилсиз себептер менен калтырууну жоюу; тамеки тартууну, университеттик жана башка коомдук жайларда өзүн тыкан жана татыктуу алып жүрүү; гаджеттерди, үн аркылуу же видео байланышка, андан тышкары сабак учурунда тексттик маалыматтарды колдонууга жол берилбейт; лектор тарабынан аныкталып, берилген темалар боюнча калтырылган сабактарды өз убагында толуктап, кайра тапшыруу, этикалык, диний, саясий жана социалдык толеранттуулук, каршы пикирлерди жана протесттерди политкоррективдүү формада түзүү; кесиптик ишмердүүлүктө конструктивдүү маектешүүнү колдоо, сабак учурунда дискуссияга тартылуусу, тактык жана милдеттүүлүк, этикалык жана укуктук сабаттуулук;
  • Кафедранын кызматкерлери кесиптик ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциянын жана анын аймагында колдонуудагы КРнын  мыйзамдарына, укук-ченемдик актылардын жетекчилиги астында иш алып барат.
  • Кафедранын башкы жетекчиси, профессорлору академиялык мобилдүүлүк талаптарын аткарышат – Кыргызстандын ичинде жана чет жактарда лекцияларды окушат, андан тышкары кафедра Кыргызстандагы ЖОЖдан жана чет жактардан лекторлорду чакырат.
  • Кафедранын кызматкерлери, өзгөчө жаш окутуучулар, англис тилин өздөштүрүп жатышат, лекцияларды эки же андан көп тилде окушат, анын ичинде Малекеттик тилге артыкчылык көргөзүшөт.
  • Кафедранын кызматкерлери орто мектептердин окуучуларынын жана абитуриенттердин арасында активдүү,  кесипке үгүттөө иштерин жүргүзүшөт; КМКТАУну жана курулуштагы (civil.engineering) инженердик билим берүүнү жайылтуунун үстүндө дайыма жана жемиштүү иштеп жатышат.
  • Кафедра бизнес жана экономиканын реалдуу сектору менен, университет жана бизнестин ортосундагы конструктивдүү байланышты колдоо максатында, тактап айтканда, курулуш компаниялар менен, үй куруучулар менен, R&D агенттиктер /студиялар/ лабораториялар менен  жеке жана кесиптик байланыштарды жөнгө салып жатат.