Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


   

         «Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар» кафедрасы ХХ кылымдын ортосунан башат алган, өз убагында Кыргызстандын курулуш тармагындагы илимдин алгачкы курамдык бөлүмдөрүнөн болушкан,   эки базалык жана курамдарды түзүүчү –«Темир-бетон конструкциялары» жана «Темир жана полимердик конструкциялар» кафедраларынын биригүүсүнүн жыйынтыгында 2017-жылы түзүлдү.

           Кыргызстанда курулуш тармагында адистерди даярдоо 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) башталган. 1954-жылы Фрунзе политехникалык институту (ФПИ) түзүлүп, ошол эле жылы анын составында өнөр жай жана жарандык курулуш адистиги боюнча инженер-куруучуларды даярдоочу курулуш факультети ачылган.

          1992-жылы ФПИнин курулуш факультетинин, инженердик-курулуш факультетинин жана архитектура факультетинин базасында Кыргыз архитектура-курулуш институту (КАКИ) түзүлгөн. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КАКИ Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) өзгөртүлгөн.

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №414 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында «Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети» мекемесине  «Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети» жана «Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университети» мекемелери бириктирилип кайра уюштуруусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын үч техникалык университети бириктирилип, И.Раззаков атындагы КМТУ га кайра уюштурулган.

        КМТУнун ректорунун 09.01.2022-ж. 1/135 буйругу менен Курулуш жана технология институтунун (КжТИ) базасында, КМТУнун курамында Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик курулуш институту (КИКИ) түзүлгөн. «Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар» кафедрасы Н.Исанов атындагы КИКИнин курамына кирет.

         Тарыхый ретроспективада кафедранын биринчи башчысы болуп, ФПИнин курулуш факультетинин деканы, доцент Пак Борис Елисеевич (1970-1974-жж.) шайланган.  Кийинки жылдарда кафедраны: т.и.к., доцент Тян Александр Сергеевич (1974-1981-жж.); т.и.к., доцент Темикеев К.Т.  т.и.к., доцент Бактыгулов К.Б. (1992-1993-жж.); т.и.к.,доцент Усубакунов Э.У. (1993-1994-жж.); т.и.д., профессор Абдужабаров А.Х. (1994-1996-жж.) жана 2017-жылгы чейин профессордун м.а. Темикеев К.Т.башкарып келишкен.