Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Азисова Мунара Азисовна


Азисова Мунара Азисовна
ага окутуучу

Азисова Мунара Азисовна 1991-жылы туулган, улуту- кыргыз, билими жогорку, И. Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин 2014-жылы артыкчылык менен аяктаган. 2012-жылы 3-курста окуп жатканда эле И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы илимий изилдөөчү химия-технологиялык институтуна кызматка кирген. 2014-жылдын июнь айынан 2015-жылдын май айына чейин «Жети күн СҮ» ЖЧУнун эт иштетүү цехинде технолог болуп иштеген.

2015-жылдын февраль айында И. Раззаков атындагы КМТУнун «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасына лаборанттык кызматка орношот да, ушул эле жылдын март айында ушул эле кафедранын лаборатория башчысы кызматына которулат.

2016-жылы «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасынын окутуучусу кызматына которулат. Ушул эле жылы И. Раззаков атындагы КМТУнун аспирантурасынын 05.18.15. -«Функционалдык жана атайын багыттуу, ошондой эле коомдук тамактануу тамак азыктарынын технологиясы жана товар таануусу» адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүнө тапшырат. 2018-жылы ага окутуучу жана Технологиялык факультеттин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары кызматына которулган. 2019-жылдын октябрь айынан баштап ушул эле факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары кызматына которулган.

И. Раззаков атындагы КМТУнун жаш окумушчулар жана изилдөөчүлөр советинин мүчөсү.

2016, 2017-жж. студенттердин өндүрүштүк практикасынын жетекчиси болгон мезгилде, Алматы технологиялык университетинде (Казакстан) стажировкадан өткөн. 2017-жылы билим берүү программаларын жана бирикмелерин аккредитациялоо боюнча квалификациясын жогорулаткан.

РК КТУнун 3-чогулушу Эл аралык илимий-техникалык конференциясын уюштурууда жана өткөрүүдө активдүү жана жемиштүү иш алып барганы үчүн ыраазычылыгына татыктуу болгон (2015-ж.). 2018-жылы факультеттин жана университеттин Ыраазычылык катын алган.

ORCID: 0000-0002-9249-5287 


Приёмная: 54-43-65

Телефон: 0709 777123

Кабинет: 1/221

e-mail: azisova_7@kstu.kg

Гр.работы: 8:00-17:00

Стаж работы: 8