Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Өнөр-жай экономика кафедрасы


«Биздин кафедрадагы окуу процесси улуттук экономиканы санариптештирүү багытында ийгиликтүү өнүгүүдө!»

Кафедранын миссиясы

Экономиканын, башкаруунун, логистиканын, бухгалтердик эсептин жана уюмдун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн бардык негизги аспектилерин камтыган өнөр жай, курулуш жана тоо-кен секторлору үчүн кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоону камсыздоо

Кафедранын максаттары жана милдеттери

Экономика тармагында изденүүчү жана жогорку квалификациялуу, фундаменталдык билимдерге жана кесиптик компетенцияларга ээ жана аларды атайын дисциплиналарды үйрөнүүдө жана кесиптик ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонууга жөндөмдүү, өлкөнүн экономикасынын бардык тармактарында коюлган милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо