Жумуш менен камсыздандыруу

Жумуш менен камсыздандыруу

            Кыргызстандагы ресторан бизнеси – эң динамикалуу өнүгүп жаткан тармактардын бири. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2 594 коомдук тамактануу жайы (ашканалар, чайканалар, кафелер, ресторандар жана клубдар) иш алып барат. Бул тизмеге чакан ашканалар, чайканалар, кафелер, ресторандар, клубдар, пиццериялар жана башка коомдук тамактануу жайлары кирет.

            2018–2022-жылдарга карата «Эмгек рыногундагы эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты болжолдоо методикасына» ылайык ресторан жана мейманкана тармагындагы кызматкерлерге болгон муктаждык аныкталган. 

            Факультеттин кафедраларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана стратегиялык өнүгүү пландарынын тууралыгын баалоонун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири – бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу деңгээли болуп саналат. Технологиялык институттун бүтүрүүчүлөрүнө болгон суроо-талап жогору, анткени өлкөнүн тамак-аш жана жеңил өнөр жайы туруктуу өнүгүүдө. Факультетте адистерди даярдоонун сапаты заманбап талаптарга жооп берет. Фундаменталдык, инженердик жана атайын дисциплиналар боюнча терең билимге ээ, компьютердик технологияларды, программалоону жана чет тилдерди билген бүтүрүүчүлөр өндүрүш процессине тез ыңгайлашып, мамлекеттик жана жеке сектордо жооптуу кызматтарда иштей алышат, жеке ишкердикти өнүктүрүп, ишканаларды жана уюмдарды жетектей алышат.

             «Коомдук тамактануу продукциясынын технологиясы» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү окуу жайын аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын алдыңкы коомдук тамактануу ишканаларында, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) жана алыскы чет өлкөлөрдө (Түркия, Германия ж.б.) ийгиликтүү эмгектенишет. 

              Кафедра жыл сайын 40–50 бакалаврды даярдап чыгарат. Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу көрсөткүчү 95–98 % түзөт. 

             «Коомдук тамактануу продукциясынын технологиясы» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу боюнча маалыматтар технологиялык институттун жана кафедранын деңгээлинде үзгүлтүксүз чогултулуп, жыл сайын жаңыланып турат.               Өндүрүш өкүлдөрү жылына эки жолу билим берүү процессине байланыштуу иш-чараларга үзгүлтүксүз катышышат. Алар бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин баалоо үчүн мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын курамына киришет, өндүрүштүн заказы боюнча илимий-изилдөө иштеринин жана бүтүрүүчү квалификациялык иштердин темаларын иштеп чыгууга катышышат, ошондой эле студенттердин өндүрүштүк практикасынын жетекчилери болуп кызмат өтөшөт.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар