Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Өнөр-жай өнөктөштөрү


Өнөр-жай өнөктөштөрү

«Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасында функционалдык дайындоодогу тамактануу азыктарын чыгаруу чөлкөмүндө, алардын мүлктүк мүнөздөмөсүн, керектөөчүлүк касиеттерин, физикалык-химиялык жана органолептикалык көрсөткүчтөрүн изилдеген илимий иштер жүргүзүлөт.

Өндүрүш практикасын кафедранын студенттери Кыргызстандын жана чет өлкөнү алдынкы ресторандарында өткөнгө мүмкүнчүлүк алышат.

Кафедра Алматы технологиялык университети, Түштүк Урал мамлекеттик университети, Харьков мамлекеттик коомдук тамактануу академиясы, Новосибирск мамлекеттик техникалык университети, Кемеров тамак–аш өндүрүү технологиялык институту, Алтай мамлекеттик техникалык университети менен байланыш түзүп келет жана Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ФГБОУ ВПОнун (Новосибирск ш., Россия) ортосунда студенттик жана академиялык мобилдүүлүк боюнча билим берүү, илим, технология тармагында келишим түзүлгөн. Алматы технологиялык универиситети менен кафедранын окутуучулары стажировка өтүп, студенттер практикаларын өтүү багыттары боюнча билим берүү жана илим тармагында студенттик жана академиялык мобилдүүлүк кызматташтыгына иштер жүргүзүлүп келет.

«Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасы  Кыргыз Республикасынын жана  ошондой эле чет жактагы иш ишканалар менен тыгыз  байланышта. чет: ЖЧК "Кайнар Club" (« Барашек», «Фрунзе» и т.д.),  «Атлас», «Эден», «Достук», «Аврора», «Парк-Отель», ресторан  «Чемпион» (ш. Анталия Турция),  ресторан « Континенталь»  (Түш. Корея),  «Лайф паб» (ш. Алматы), Этно-комплекс «Супара» жана кафелер: «Вавилон», «Жылуу Суу», «Лотос», «Будда-Бар»,  « Гренки», «Сары-Озон»,  «Алтын -Арашан», «Сан-Сити», «Одноклассники», ОсОО ТД «7 дней», «Империя пиццы», гипермаркет «Фрунзе» и  ж.б.