Билим берүү ишмердүүлүгү

     Кафедра билим берүү процессин лицензияларга, жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин техникалык жана технологиялык билим берүү боюнча Окуу-усулдук бирикмеси тарабынан бекитилген үлгүлүү окуу пландарынын негизинде иштелип чыккан окуу пландарына ылайык ишке ашырат.

     Институт бакалавриат системасы боюнча 6 билим берүү программасын (күндүзгү окуу формасы) жана аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен 4 билим берүү программасын (сырттан окуу формасы) ишке ашырат.

     Кафедра бардык дисциплиналарды зарыл болгон окуу-усулдук документтер менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук комплекстер иштелип чыккан: ТПОП багыты боюнча — 35 ОУК. Лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн усулдук колдонмолор жана көрсөтмөлөр даярдалган.

     Окуу-усулдук материалдар усулдук көрсөтмөлөр, лабораториялык практикумдар, окуу колдонмолору түрүндө сунушталып, жогорку теориялык деңгээлде даярдалган. Студенттер усулдук материалдарды өз убагында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Усулдук иштелмелердин мазмуну окуу пландарынын талаптарына толук жооп берет.

     Бардык лабораториялар жана лекциялык аудиториялар таблицалар, плакаттар, макеттер менен камсыздалган; курстук жана дипломдук долбоорлордун үлгүлөрү камтылган көргөзмө куралдар бар. Кафедранын бардык дисциплиналары боюнча лабораториялык жана практикалык сабактар усулдук көрсөтмөлөр жана колдонмолор менен камсыздалып, тиешелүү жабдуулар жана приборлор менен жабдылган адистештирилген лабораторияларда өткөрүлөт.

     Жалпысынан алганда, окуу процессинин окуу-усулдук камсыздалышы тийиштүү деңгээлде, кафедра усулдук маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү иштерин жүргүзүүдө.

     Кафедра билим берүү максатында интернет-ресурстарды колдонуу жана интернет-технологиялардын негизинде аралыктан окутууну өнүктүрүү боюнча иш алып барууда. Окуу процессинде заманбап мультимедиялык жана аудиовизуалдык каражаттар активдүү колдонулат. Бир катар окутуучулар лекцияларды өткөрүүдө мультимедиялык проекторлорду колдонуп, маалыматтарды экранга чыгарышат. Кафедранын кызматкерлери жана магистранттары лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактар үчүн материалдарды даярдоодо, кафедранын отчетторун түзүүдө, аралыктан окутуу курстарын иштеп чыгууда жана башка окуу-усулдук иштерде компьютердик технологияларды колдонушат.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар