Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эсенгельдиев Чоюнбек Эсенгельдиевич


Эсенгелдиев Чоюнбек Эсенгелдиевич
доцент

Эсенгелдиев Чоюнбек 15-мартта 1939-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында туулган. Тосор айылындагы 7 жылдык мектебин бүтүп, Каракол шаарындагы С.М.Киров орто мектебин 1958-жылы бүтүргөн. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика-математикалык факультетинин «Орто мектептин физика мугалими жана атомдук спектроскопия» адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Фрунзе политехникалык институтунда 1964- жылы баштаган. Адегенде улуу лаборант, ассистент, окутуучу, ага окутуучу болгон. 1993-жылдан баштап, доцент болуп иштеп жатат. ФПИ-КМТУ иштеген жылдарда кафедра башчысынын орун басары, куратор, курстардын жетекчиси, Кеңештин мүчөсү болгон. Биринчи май райондук сотунда институт тарабынан жиберилген Эл заседатели болуп 5 жыл иштеген. Мектеп жана республикалык ЖОЖдор өткөргөн физикалык олимпиадаларда мүчө, жетекчи болуп иштеген.

    1967-1971-жылдарда илимдер академиясында сырттан аспирантурага өтүп, «Оптика» адистиги боюнча окуган. 1972-жылы Алма-Ата шаарындагы К.Сатиев атындагы Геологиялык илим институтунда илимий стажировкада болгон. Адистигин жогорулатуу курсун үч жолу Москвадагы инженердик физикалык институтунда өткөргөн 1975,1982,1987-жж. Ал эми ЭВМ боюнча 1986-жылы ФПИ.

   Автор жалпсынан 55 тей илимий методикалык эмгеги бар. 53 жылдагы үзгүлтүксүз иштеген ишинде төмөнкү сыйлыктарга жетишкен. Деканат жана ректораттын буйруктары менен ар жылдарда 10 алкыш, «СОРАН» дун Ардак грамоталары , КРнын агартуу отличниги 1990-ж. ардак грамота 1999-ж. Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын ардак грамотасы менен 1999-ж. КМТУнун төш белгиси менен Кыргызстанда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн 2014-жылы сыйланган.


Телефон: 0312561478

Кабинет: Чынгыз Айтматов пр. 66, 1 корпус, 455 б.