“Эне тили – эне сүтү менен барабар”- деп, эзелтен кыргыз эли эне тилибизди барктап, аздектеп келебиз. Ушул улуу тилибиздин урматына 21-февраль эл аралык Эне тили күнүнө карата И.Раззаков атындагы КМТУда көптөгөн иш-чаралар өтүүдө. 22-февралда «Кыргыз тили» кафедрасынын эмгек жамааты студенттер аралык «Дил бермети – тил» аттуу дил баян конкурсун өткөрүшүп, жаштарыбыздын эне тилге болгон сүйүүсүн дагы бир ирет тастыктап кетишти.
Дил баян конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып, I орунга ПИ(англ)-2-20 тобунун студенти Саирбекова Гүлзина, II орунга ТКИЛП-1-20 тобунун студенти Кыргызбаева Алина, III орунга ПП(б)-1-20 тобунун студенти Үсөүнова Бермет жана ЭКО(б)-2-20 тобунун студенти Өмүрова Аяна татыктуу болду.
Конкурстун катышуучулары жана жеңүүчүлөрүнө чыгармачылык эргүү жана окуудагы ийгиликти каалайбыз!