Абитуриентке

Кафедрада күндүзгү жана сырттан окуу формалары жүргүзүлөт

Күндүзгү окуу формасы

  • Бюджеттик жана контракттык түрдө окууга болот
  • Бюджеттик түрдө окуган студенттерге сессиянын жыйынтыгына карата ай сайын стипендия берилет.
  • Окуу процесси саат 10:00дон 19:20 чейинки аралыктын ичинде расписаниеге жараша жүрөт.
  • Студенттер баардык керектүү колдонулуучу адабияттар менен камсыз болушат
  • Студенттер интернетке туташтырылган компьютерлер менен колдоно алышат
  • Сырттан келген студенттерге жатакана берилет.

 

Сырттан окуу формасы

  • Расписание боюнча студенттер окуу жылында эки жолу окууга чакырылат, күзгү жана жазгы семестрде.
  • Стунденттер келишимдик төлөө аркылуу  окушат
  • Студенттер баардык керектүү колдонулуучу адабияттар менен камсыз болушат
  • Студенттер интернетке туташтырылган компьютерлер менен колдоно алышат
  • Сырттан келген студенттерге жатакана берилет.

Урматтуу абитуриенттер! Көп тармактуу "Полиграфия" кафедрасы силерди кабыл алууга даяр! Биздин кафедранын эшиги ар бирүңөр үчүн ачык! Биздин багыттар жөнүндө кеңири маалыматты төмөндө берилген буклеттен көрө аласыз.

🏆 УНИВЕРСИАДА 2025 – ЖОГОРКУ ЛИГА 🏆 Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасында өткөн тогуз коргоол боюнча таймашта Политехтин кыздар курама командасы чемпион аталды – 1-орун!

Команданын курамында биздин кафедранын магистранты Чингизова Нургиза. Ал эми балдарыбыз да мыкты оюн көрсөтүп, татыктуу 2-орунду ээледи! 🥈👏 Балдар командасынын мучосу ППг-1-23 группасынын студенти Мойдинов Эржан

КМТУнун студенти шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

13-23-Февраль 2025-жылы и.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинде эркектер жана аялдар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Турнирге 92 шахматчы катышып, алардын арасында өлкөнүн күчтүү оюнчулары да болду.

Эркектер арасындагы мелдештин жеңүүчүсү К.Курманалиев атындагы "Полиграфия" кафедрасынын ИСТг(б)-2-24 тайпасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун 1-курсунун студенти, КМТУнун эл аралык чебери Элдияр Орозбаев болду. Ал 9 баллдан 11 упай топтоп, Тай-брейкте Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Асылбек Абдыжапарды жеңип алды. Бул турнир Кыргызстандын чемпиону наамын гана алып келбестен, КМТУнун университеттик коомчулугу үчүн да маанилүү жетишкендик болду.

Ошондой эле Элдияр Орозбаев 20 жашка чейинки өспүрүмдөр категориясында жеңүүчү болуп, өзүнүн жогорку чеберчилигин тастыктады.

Биз Студентибиздин ийгиликтери менен сыймыктанабыз жана Элдияр Орозбаевди жаркын жеңиши менен куттуктайбыз. Ага эл аралык шахмат аренасында мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.

Enactus КМТУ командасы Кыргызстандагы 20дан ашык ЖОЖдун арасынан мыкты 8 команданын катарына кирип, $1000 грант утуп алды!

Катышкан студенттердин катарында Кыргыз-Герман техникалык институтунун, К.Курманалиев атындагы «Полиграфия» кафедрасынын ИСТг-1-23 группасынын студенти Бакирова Инесс. Жалпы кафедранын атынан Инессти куттуктайбыз жана мындан дагы коп ийгиликтерге жетуусуно тилектешпиз.

2024-жылдын 13-14-ноябрында Enactus Kyrgyzstan жана ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган Эко Хакатон өттү. Мында Кыргызстандагы 20га жакын университеттин студенттери жана мектеп окуучу кыздар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгышты.

Биздин команда Enactus КМТУ “Eco Pakhta” долбоору менен мыкты 8 команданын катарына кирип, $1000 грант утуп алды! Бул долбоор пахтанын калдыктарын кайра иштетүү аркылуу экологиялык таза продукцияларды чыгарууга багытталган. Командабыздын идеясы экологияны коргоо жана ишкерлик чөйрөсүндө оң өзгөрүүлөрдү алып келүү боюнча чоң потенциалга ээ деп бааланган.

Бул жеңиш биздин команда үчүн чоң жетишкендик болуп саналат. Эске салсак, бул жылдын жайында Enactus КМТУ командасы Hult Prize эл аралык сынагына катышып, Португалиянын Лиссабон шаарында топ-360 команданын катарына кирген.

Биз командабыздын ийгиликтерин дагы да чоңойтууга ишенебиз жана “Eco Pakhta” долбоорунун экологиялык маселелерди чечүүдөгү маанилүү салымын көрүүгө үмүттөнөбүз. Алга, Enactus КМТУ!

КМТУнун студенти эл аралык деңгээлдеги шахматтык мелдештерде ийгилик жаратты

КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институна караштуу К. Курманалиев атындагы "Полиграфия" кафедрасынын ИСТг(б)-2-24 тайпасынын биринчи курсунун студенти Элдияр Орозбаев 2024-жылдын 10-27-сентябрында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн Дүйнөлүк шахмат олимпиадасында мыкты жыйынтыктарды көрсөттү.

Кыргызстандын Олимпиадалык шахмат командасынын курамында Элдияр шахмат боюнча Эл аралык спорт чебери (IM) наамынын үчүнчү жана акыркы нормасын аткарды, жана жакынкы убакта Эл аралык шахмат федерациясы ага бул наамды расмий ыйгарат.

Бирок жаш шахматчынын максаттары муну менен эле чектелбейт. Анын кийинки максаты — шахмат дүйнөсүндөгү эң жогорку даража болгон Эл аралык гроссмейстер наамын алуу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул наамга ээ болгон бир дагы шахматчы жок. Элдияр бул бийиктикти багынтууга эң жакын талапкерлердин бири.

2024-жылдын 5-12-октябрында Москвада өткөн эл аралык шахматтык турнирде 12 өлкөдөн 46 шахматчы, анын ичинде 12 гроссмейстер, 7 эл аралык чебер жана 16 ФИДЕ чебери катышты. Элдияр алгачкы турлардан тарта лидерликти колго алып, турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду ээледи жана Эл аралык гроссмейстер наамын алуу үчүн алгачкы норманы аткарып, бул турнирдин чемпиону аталды.

Элдиярга эми бул наамга ээ болуу үчүн дагы эки гроссмейстердик балл алуу зарыл. Ага бул максатына жетүүдө ийгилик каалап, эл аралык шахматтык мелдештерде Кыргызстандын жана КМТУнун атын дүйнө жүзүнө тааныта берүүсүн тилейбиз!

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар