Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Минбардын тарыхы


Минбардын тарыхы

«Полиграфия» минбары КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча 2006-жылдын 13-ноябрында №96 ректордун приказы менен "Текник" басма борборунун негизинде негизделген.

“Полиграфия” минбары республика боюнча жалгыз  минбар, негиздөөчүсү Курманалиев Карыпбек Курманалиевич (1949-2015).

К.К.Курманалиевдин өмүр баяны

1972-жылы ал "Математика мугалими” адистиги боюнча Кыргыз Мамлекеттик Университетинин  механика-математика факультетин бүтүргөн.

1977-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Автоматика институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

1985-1987-жылдары Новосибирск Мамлекеттик Университетинин теориялык механика факультетинде квалификасын жогорулатуучу 6 айлык курсун бүтүргөн.

1990-жылы “Механика” минбарынын доценти наамын алган. Ал “Теориялык механика” минбарынын башчысы, декандын орун басары, чет элдик студенттердин иштери боюнча декан, КТУ котормо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1995-жылы КТУ басма борборунун директору жана 1999-жылдын 1-июнунан тартып “Текник” басма борборунун директору иштеген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Инженердик жана табигый илимдер боюнча редколлегиясынын мүчөсү болгон.

Билим Берүү Министрлигинин, “КР Билим Берүүнүн отличниги” Ардак белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын “Ош-3000” юбилейдик медалы, республикалык кесиптик бирликтер кеңешинин Ардак грамотасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча “Кыргыз тили” улуттук комиссиясынын медалы менен сыйланган.

80ден ашуун методикалык эмгектери, 10 монографиясы, биринчи республикалык “машиналар механикасы” боюнча орус – кыргыз техникалык сөздүгү, кыргызча-англисче-орусча техникалык сөздүгү, орусча-кыргызча машина куруу боюнча сөздүктөрү бар. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын техникалык багыттагы редколлегиясынын мүчөсү катары ал 5 терминологиялык сөздүктүн жүргүзгөндөрдүн бири болуп саналат. Ал математик катары ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн башталгыч математика боюнча маалымдамаларды «Жөнөкөй математикадан тандалма мисалдар жана маселелер, чыгарылыштары менен» — 2006 жыл. «Чыгарчак» жөнөкөй математикадан чыгарылыштары менен тапшырмалар — 2007 жыл. Курманалиев Карыпбек —«Сыйкырдуу жомоктор, оюндар» балдар жомогунун автору, 2006 жыл. 

Ал 2009-жылы “Назарий механикасы” теорийлык механика боюнча өзүнүн эң негизги китебин чыгарган. 

Анын жетекчилиги менен катышуу алкагында төмөнкү эмгектири жарыяланган:

—        «Окуу жайларда иш кагаздар нускасы», 1994 жана 2004 жж.

—       "Басма жана электрондук басылмалар", 2003-ж 2006-ж.

—       Терминологиялык окутуучу сөздүк. “Полиграфия” 2008-ж. 

Кыргыз Республикасынын калкынын орус тилдүү бөлүгүндө Кыргыз ыр сынагын аткаруу идеясынын автору болуп эсептелет.

Алардын ичинен биринчилерден болуп 1995-жылы мамлекеттик деңгээлдеги  республикалык жетекчилердин катышуусу менен КМТУда  «Мен кыргызча сүйлөйм, ырдайм» аттуу ыр сынагы өткөн. Минбардын илимий иштеринин нуктасы Карыпбек Курманалиевдин иши менен байланыштуу.

 —    "Толкун динамикасынын таяк технологиялык маселелери";

 —     Туруктуу эмес толкундарды таратууну бөлүштүрүү

 —     “Табият, техника илимдерин кыргыз тилде окутуунун түйүндүү көйгөйлөрү”;

 —  “ЖОЖ окуу китептери: типологиясы, стандартизациясы, компьютерлештирилген (электрондук китеп)”.

2015-2008-жылдары КМТУнун профессору Джумагулов Сагынбек Джумагулович минбарды жетектеген. Азыркы учурда минбарда профессордук орунда эмгектенет.

2018-жылдын сентябрь айынан баштап минбарды техника илимдеринин кандидаты, доцент Раззаков Медер Иматбекович жетектеп келет.