Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги №1956/1 “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутууну өткөрүүнүн уюштуруу маселелери жөнүндө” буйругун аткаруу максатында, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим” долбоорунун “Санариптик сабаттуулук” окуу программасын ишке ашыруу үчүн Жапаров Марат Турдалиевичтин жетекчилиги астында “Экономикадагы маалыматтык системалар” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тренингдерди өткөрүүдө. 2024-жылдын 3-январынан 12-январына чейин.
Тренер катары сынактык тандоодон т.и.к., доцент Темирбаева Н.Ы., улук окутуучу Атаканова Н.Э. жана мугалим Осмонов Ж.Ы.
Долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын OCRP каржылык колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык билим берүү институту менен биргеликте «EdNet» Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги жана «Санарип Долбоор» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылууда. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо. Долбоордун бүткүл мезгилинде биздин мугалимдер 10дон ашык агымдарды өткөрүп, 400гө жакын уугучуларды окутушту.
Университетибиздин профессордук-окутуучулар жамааты жаңы адистерди даярдоого гана катышпастан, иштеп жаткан адистерди кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга да активдүү катышат.