Галбаев Жалалидин Токтобаевич
ЭФ деканы т.и.д., профессор
Кызмат,даражасы: ЭИ директору, профессор, техника илимдеринин доктору
Билими: Жогорку техникалык, энергетика факультети, «Инженер-электрик» квалификациясы, Фрунзелик политехникалык институту, 1986-ж.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1980 - 1986 энергетика факультетинин ФПИнин студенти;
1986 - 1998 «Жибек» вндуруштук бирикмесинин бригадири, электр белумунун начальниги, башкы энергетиктин орун басары жана башкы энергетики;
1998 - 1999 Ош технологиялык университетинин энергетика жана транспорт факультетинин ага окутуучусу;
1999 - 2002 ОшТУнун энергетика жана транспорт факультетинин деканынын орун басары;
2002 - 2003 ОшТУнун Кадрларды болжолдоо жана кайра даярдоо институтунун (ПППК) директору;
2003 - 2004 ОшТУнун прикладдык илимдер жана инвестициялар институтунун директору;
2004 - 2013 И.Раззаков атындагы КМТУнун экономика жана экономикалык-финансы иштери боюнча проректору;
2013 - 2015 И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетика факультетинин деканы;
2016 - 2017 ж И.Раззаков атындагы КМТУнун «Электромеханика» кафедрасынын профессору.;
2017 - 2018 Энергетика факультетинин «Электромеханика» кафедрасынын башчысы;
2018-жылдан ушул күнгө чейин И.Раззакова атындагы КМТУнун энергетика факультетинин деканы болуп эмгектенет.
Илимий наамы жана даражасы.
2003-жылы техника илимдеринин кандидаты илимий даражасы берилген;
2006-жылы «Энергетика» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган;
2015-жылы ага техника илимдеринин доктору илимий даражасы ыйгарылган.
Эмгек жана педагогикалык иш стажы.
Жалпы эмгек стажы – 37 жыл, анын ичинде педагогикалык стажы – 19 жыл.
Сыйлыктар. Ош обладминистрациясынын, «Жибек» өндүрүштүк бирикмесинин, ОшТУнун, КМТУнун Ардак грамоталары. И.Раззакова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси.
Илимий изилдөө чөйрөсү:
Энергетика жана электротехника. Электромеханика. Электр машиналары жана приборлору. Аткаруучу электромагниттик механизмдер.
Жарыяланганы: 3 монография, 7 ойлоп табуу патенти жана 65тен ашык илимий жана окуу макалалары.