Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Инститтун тарыхы


Энергетикалык факультет

              Өткөн кылымдын 50-жылдарында гидроэнергетикалык ресурстарды интенсивдүү түрдө өздөштүрүүнүн башталышы, электр  станцияларын жана жогорку чыңалуудагы электр берүү аба чубалгыларын куруу боюнча  программаларды ишке ашыруу, Республиканын өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын баардык тармактарынын  электрлештирүү үчүн  энергетика багытындагы адисттерди даярдоо учурдун талабынын зарылдыгы келип чыккан. 1953-жылы М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында техникалык факультет түзүлгөн (Азыркы Кыргыз Улуттук университети).  Факультеттин алдында энергетика багытында адистерди даярдоо боюнча бөлүм ачылып, “Өнөр жай ишканаларын электрлештирүү” адистиги боюнча 25 студент кабыл алынган. 1954-жылы 4-сентябрда Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин  №532- токтомунун негизинде Кыргыз мамлекеттик Политехникалык институту ачылган.  Жаңы негизделген Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунда тоо кен, курулуш, энергетика, химия-технология факультеттерин уюштуруу жана ал түзүмдөргө 1954-жылдын 1-октябрынан 200 адам кабыл алуу каралган. Институтта  жалпы билим берүүчү жана техникалык кафедралар ачылып, алардын материалдык техникалык базасы түптөлө баштаган. 1954-жылы “Философия жана социалдык илимдер”,  “Физика”  кафедралары түзүлгөн. Институттун биринчи 1954/55-окуу жылында энергетика адистиги боюнча 68 студент билим алган.  Алгачкы жылдары факультет курулуш-энергетика деп аталып, 1957-жылы аталган факультеттен бөлүнүп, өзүнчө курулуш жана энергетика факультеттери ачылган.  1957-жылы өзүнчө  атын жана жүзүн,  салттарын жана  тажрыйбаларын, жарым кылымдан ашуун  тарыхын сактап келе жаткан энергетикалык факультет түзүлгөн.

Жаңы ачылган факультетте окуу жана илимий иштерди уюштурууда жана адистик негизги сабактарды окутууда ФПИнун директорунун окуу иштери боюнча орун басары т.и.к., доцент Василий Андреевич Андреевдин эмгеги  алгылыктуу болгон.  Алгачкы жылдары  Энергетика факультеттин  инженер Евгений Васильевич Шонин жетектеген. 1955-жылы “Өнөр жай ишканаларын электрлештирүү” жана “Электр техникасы”, 1956-жылы “Жылуулук техникасы жана гидравлика”, “1957-жылы “Электрдик станциялар, тармактар жана системдер” адистик кафедраларынын ачылышы, өлкөнүн энергетикасына кесипкөй жергиликтүү адистерди даярдоого өбөлгө түзүлдү.  Факультет 1958-жылы  алгачкы инженер электриктерди даярдап чыгарды. Тун бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын энергетика системасынын түптөлүшүнө эбегейсиз чоң салымдарын кошушту, атап айтканда Аламедин, Ысык-Ата  ГЭСтери, Үч-Курган ГЭСи,  Андижан-Кара-Суу-Ош жана Чуй областындагы 110-35кв аба чубалгыларынын курулушу, Бишкек ЖЭБ курулушу ж.б.. Электрдик станциялардын, ГЭСдин, жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын курулушу жана өндүрүштөгү   технологиялык процесстерди жөндөө, автоматташтыруу үчүн факультетте 1960-жылы “Автоматика жана телемеханика”, 1965-жылы “Электрдик машиналар жана аппараттар” кафедралары ачылган. Жогорудагы кафедраларда илимий кадрларды, окутуучуларды даярдоодо, окуу лабораториясын түзүүдө алгачкы кафедра башчылары академик Неболюбов Ю.С. жана доцент Гусев Б.А эмгектери абдан чоң. 1967-жылы “Жылуулук техникасы жана гидравлика кафедрасы эки өзүнчө “Жылуулук техникасы” жана “Гидравлика” кафедраларына бөлүнгөн. 1969-жылы “Өнөр жай ишканаларын электрлештирүү” кафедрасы кайрадан өзгөртүлүп “Электрдик привод жана өндүрүштүк орнотмолорду автоматаштыруу”  кафедрасы болуп түзүлгөн. 70-жылдары республиканын айыл жана мал чарбасындагы ишканаларды электирлештирүү учурдун талабы болгон, ошондуктан бул тармакта иштей ала турган адистерди даярдоо үчүн 1970-жылы “Шаарлардагы жана айылдардагы өндүрүштөрдү электр камсыздоо” кафедрасы түзүлүп, аны т.и.к., доцент Юриков В.А. жетектеген. 1980-жылы  өндүрүш тармактарын жана айыл чарбасын жогорку дэңгээлдеги инженер электриктер менен камсыз кылуу үчүн Энергетикалык факультетте 127 профессор окуутучулук курамдан турган 11 кафедранын жааматы эмгектенген, атап айтканда  “Электрдик станциялар, тармактар жана системдер”, “Шаарлардагы жана айылдардагы өндүрүштөрдү электр камсыздоо”, Электрдик привод жана өндүрүштүк орнотмолорду автоматаштыруу”, “Автоматика жана телемеханика”, “Жылуулук техникасы ”, “Электротехниканын теориялык негиздери”, “Эмгекти коргоо”, “Техникалык физика”, “Электрдик машиналар жана аппараттар” “Автоматташтырылган башкаруу системасы жана эсептөө техникасы”, “Өнөр жай электроникасы”.  Маалымат технологияларын өндүрүш объектилеринде, телекоммуникацияда, радиодо, телевидениеде, эсептөө электрондук жана радио техникада кеңири колдонууда айкалыш түзүлүштөрдү иштеп чыгуу, изилдөө үчүн учур талабына ылайык адистерди даярдоо институттун алдыга койгон максаттардын бири эле, ошондуктан 1984-жылы  “Өндүрүштү башкарууну автоматаштыруу” факультети түзүлгөн. Энергетика факультетинен “Автоматика жана телемеханика” “Автоматташтырылган башкаруу системасы жана эсетөө техникасы”, “Өнөр жай электроникасы”, “Электрдик привод жана өндүрүштүк орнотмолорду автоматаштыруу”, “Техникалык физика”кафедралары жаңы түзүлгөн факультетке берилген. 1994-жылы университеттин структурасынын өзгөрүшү менен “Өндүрүштү башкарууну автоматаштыруу” факультети жоюлуп, Энергетика факультетинин курамына кирип, кайрадан 1999-жылы (мурдагы“Өндүрүштү башкарууну автоматаштыруу” факультети) Маалымат технологиялар факультети болуп Энергетика факультетинин курамынан бөлүнүп чыккан.

1956-1957-ж.ж. Курулуш-Энергетика факультеттин Н.П. Клименко жетектеген.

Энергетикалык  факультеттин декандары жана иштеген мезгилдери:

1957-1959-ж.ж. Е.В. Шонин

1959-1964-ж.ж.  К.Е. Голубков

1964-1971-ж.ж. М.Г. Поляков

1971-1974-ж.ж. С.Н. Назаров

1974-1975-ж.ж.  А.А. Шаймергенов

1975-1977-ж.ж. К.Р. Рахимов

1977-1984-ж.ж. В.А. Юриков

1984-1986-ж.ж. Б.Т. Укуев

1986-1987-ж.ж. А.С. Джаманбаев

1987-1992-ж.ж. А.Н. Козлов

1992-1996; 1999-2006;2008-2013-ж.ж. М.А. Суеркулов

1996-1999-ж.ж. С.С. Кадыркулов 

2006-2008-ж.ж.  Дж.А. Апышев

2013-2015-ж.ж.  Ж.Т. Галбаев

2015-2018-ж.ж.  Ч.А. Кадыров

2018-жылдан Ж.Т. Галбаев

Бүгүнкү күндө  Энергетикалык факультетинин курамына  9 кафедра кирет:

1. Электр энергетикасы

2. Электр менен камсыздоо

3. Электр механикасы

4. Энергиянын калыптанма булактары

5. Электр техникасынын теориялык негиздери жана жалпы электр техникасы

6. Жылуулук энергетикасы

7. Жалпы физика

8. Философия жана социалдык илимдер

9. Техносфералык коопсуздук

          Факультет “Электр энергетика жана электр техника”, “Жылуулук энергетика жана жылуулук техника”,  “Техносфералык коопсуздук” адистик багыттары боюнча 11 бакалаврдык билим берүү программалары жана ушул багыттар боюнча   9 магистрдик билим берүү программаларын ишке ашырат.

         Факультетте 128 окутуучу эмгектенет, анын ичинен илимдин 9 доктору, илимдин 40 кандидаты бар. Күндүзгү жана сырттан окуган студенттердин жалпы саны 1900, анын ичинен бакалавриатта - 1800, магистратурада - 114,  ал эми аспирантурада 16 жаш изденүүчүлөр билим алууда.  

          Факультетте акыркы 5 жылдын ичинде 6 монография, 293 илимий макала (РИНЦ-66, SCOPUS -2) 5 патент, 8 гранттык илимий-изилөө иштери (анын ичинен 3-эл аралык), 14 диссертация жакталды алардын ичинен 3 – техника илимдеринин доктору, 11 – техника илимдеринин кандидаты. Илимий иштердин негизги багыттар боюнча жалпы каржылоо көлөмү 21320,51 миң сом түздү.

            Факультеттин  илимий иштерин  КМТУнун алдындагы  “Энергетика жана байланыш” илим изилдөө институту менен биргеликте жүргүзөт. Институт бюджеттик каржылоонун негизинде  энергетиканын  баардык  багыттары боюнча илимий иштерди, өлкөнүн электр энергетикалык тармагындагы акционердик коомдордун тапшырмасы боюнча энергетикалык системдердин  учурдагы жана  жакынкы келечектеги экономикалык жана техникалык маселелери боюнча иш аткарат.  “Электр энергетикасы” жана “Электр менен камсыздоо” кафедраларынын  студенттери алган теориялык билимдерин практика жүзүндө ишке ашыруу үчүн “35/10кв электрдик орнотмолордун жана 10/0,4кв кичи электр тармак окуу полигону” уюштурулуп ишке киргизилди.  Акыркы жылдары Университеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша факультеттин окуу лабораториялык базасы жаңыланып, жаңы лабораториялар ишке киргизилүүдө, атап айтканда “ЭКБ” кафедрасында Гидро техникалык курулуш,  Гидротурбинанын түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрүн аныктоо лабораториялары, “Электр менен камсыздоо” кафедрасында Электр магниттик айкалыштыруу  жана АСКУЭ сабактары боюнча лабораториялар, “Электр энергетика” кафедрасында Электр станциялар жана көмөкчү станциялар боюнча лабораториялык стенддер, Жылуулук техникасы жана жашоо ишмердиктин коопсуздугу кафедрасында Жылуулук электр станциялар боюнча жаңы лабораториялар ж.б.

   Эл аралык байланышта Энергетикалык факультет  окуу жана илимий-изилдөө багыттары боюнча  Москва энергетика институту, Казан энергетика университети, Томск политехникалык институту (Россия), Бойте атындагы Берлин техникалык университети, Батыш Саксон институту, Кассель техникалык университети (Германия), Синьцзян университети (Кытай), Караганда политехникалык институту, Энергетика жана байланыш институту (Казакстан) жана башка чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен энергетика багытындагы адистерди даярдоодо кызматташтык кылат.

          Алгачкы факультеттин бүтүрүүчүлөрүн сыймыктануу менен атап кетели,  Авгамбаев  Эркин, Айтматова Люция Төрөкуловна, Байтиков Медер, Байтүгөлов Абдылда, Васильченко Виталий Иванович, Жакыпов Салморбек, Джумалиев Дуйшөнбек, Иманалиев Болотбек, Коган Яков Ефимович, Комаров Михаил Иванович,  Көөбашев Тегиз, Муратов  Козе, Романюк Павел Федорович, Секачева Людмила Ивановна, Сурин Василий Васильевич, Султамуров Асанкан, Селиванов Геннадий Ефремович, Токтоналиев Джапаркул, Федоров Георгий Прокофьевич, Чернышева Тамара Ивановна, Чурсуков Айдаркан, Чудинова Людмила Филипповна, Эшимбеков Эркин.

Жогоруда аталгандардын  ичинен “кызыл” диплом менен бүтүргөндөр,  бүгүнкү  күндөгү Кыргызстандын энергетикасына эмгектери сиңирген  ардагерлер  Авгамбаев Эркин, Каган Яков Ефимович, Комаров Михаил Иванович. Өзгөчө белгилөөгө татыктуу Комаров М.И., ал “Ардак белгиси “ордени,  “СССРдин энергетикасынын жана электрлештирүүсүнүн каарманы”,  ”КМШнын  эмгек сиңирген энергетиги”  төш белгилери  менен сыйланган, Кыргызстан   энергетикасына   эмгек  сиңирген  ишмер наамын алган,  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган.

          Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын  ээлери,  эмгек сиңирген энергетиктер  Асанкан Султамуратов, Михаил Комаров жана Эмгек сиңирген ишмерлер, көптөгөн өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу болушкан Токтоналиев Жапаркул,  Иманалиев Болотбек, Назаров Садырбек,  Эшимбеков Эркин, Жумалиев Дүйшөнбек, Борбуев  Анарбек,  Байтиков  Медер, Авгамбаев Эркин   бүтүрүүчүлөрү менен энергетика факультети толук сыймыктана алат. 

         Энергетика адистиги  боюнча жогорку билимдүү кадрларды  даярдоодо студенттердин биринчи курстан баштап алган теориялык билимдерин  өндүрүштүк практика  жана лабораториялык окутуулар менен бекемдеп туруу зарыл. Бул иштерди жогорку деңгээлде  аткарууда КМТУ өлкөбүздүн энергетика тармагындагы акционердик коомдор – “Электр чордондору”, “Кыргызстан улуттук электр тарамдары”, “Түндүкэлектр” АКларынын  иштиктүү  жардамын көп жылдар бою алып келе жатат. Энергетика факультетинин  студенттери жыл сайын аталган коомдордун ишканаларында  өндүрүштүк практикада болушат. 

            Азыркы учурда эгемендүү Кыргызстандын энергетикасы мындан аркы өсүшүн улантуунун жолунда баратат.  «Датка» жана «Кемин» 500 кВ көмөк станциялары, «Датка-Кемин» 500 кВ электр чубалгысынын ишке   киргизилиши  Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын                                                        жана  энергия жагынан камсыз болушун бекемдеди.  Жаңы башталган долбоорлор катары Камбарата жана Жогорку Нарын  ГЭСтеринин ишке ашырылышы Кыргыз энергосистеминин 110-500 кВ схемасын  кайрадан жаңыртып, толуктоону талап кылат. Аталган долбоорлорду белсенип ишке ашырууда, аларды андан ары натыйжалуу иштетүүдө кадрлардын жооп-керчилиги зор. Бул албан иштер үчүн билимдүү, кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоо - КМТУнун Энергетикалык факультетинин жааматынын ардактуу милдети.