Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


«Кыргыз тили жана Айтматов ааламы»

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз эл жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы №353-тескемесине ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасы тарабынан 2023-жылдын 24-ноябрында «Чыңгыз Айтматов – 95 жыл»  деген аталышта жыйынтыктоочу салтанаттуу театралдаштырылган кече болуп өттү.

         Аталган кече алгач майрамдык куттуктоолор менен коштолду: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү мекемелик ардак грамоталарды кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучулары К.М.Жолдошбаева, Ы.А.Шаршеновага тапшырды. "Кыргыз тили" коомунун президенти Р.Курбанов мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү зор эмгеги үчүн «Ыйык тил» төш белгисин университеттин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнурага, доценттер А.М.Исираиловага жана Д.Н.Исмаиловага тапшырды. 

         Салтанатуу иш-чаранын жүрүшүндө үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн тематикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректор, доц. Ж.Д.Сыдыков тапшырды: Дил баян боюнча: Калысбекова Аяна,Кадыракунов Болуш, Рашидинов Бектурсун; Көркөм окуу боюнча:Ким Юн Соп Бён Хён; Жат жазуу боюнча:Бокенова Чолпонай, Кадыров Касымалы, Исаков Эмир;Мыкты видео түрмөк:Саламатова Жанара; Мыкты клип:Байжигитова Гүлназ.

         КМТУнун студенттери жана Т.Абдымомунов атындагы КУАДТ актеру, режиссеру К. Атакан уулу менен биргеликте даярдалган Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынын үзүндү жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Ошондой эле кече Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын чагылдырган «Махабат сыры» композициясы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Кече кыргыз тили кафедрасынын жалпы эмгек жамаатынын аткаруусундагы «Ысык-Көлдү сагынуу» (сөзү Ч.Айтматовдуку, обону М.Бегалиевдики) чыгармасын аткаруу менен соңуна чыкты.

Кыргыз тили кафедрасы

а

2023-жылдын 19-январында И. Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын жамааты Burana STEAM College жана ONLINE UNIVERSITY тарабынан уюштурулган "Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары" аталышындагы 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү. Семинар-тренингди Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тарых илимдеринин  кандидаты, доцент Исаков Бактыбек Баатырбекович өтүп, эң кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары менен бөлүштү.

Семинарда окутуучулар өз ара топко бөлүнүшүп, тренердин  ар бир ыкмалары боюнча кызыктуу тажрыйбаларды жүргүзүштү. Курстун максаты - окутуучулардын заманбап билим берүү ыкмасын кеңейтүү болду.

Семинардын аягында окутуучулар тарабынан Исаков Бактыбек Баатырбековичке жылуу каалоо-тилектерин билдиришип,  келечекте дагы бир нече ирет кызматташууну пландаштырышты.