23.03.2022 Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттеринин арасында “DEMO DAY” идеялар/долбоорлор конкурсу болуп өттү.
Сынактын максаты - келечектүү идеяларды/долбоорлорду аныктоо, аларды андан ары колдоо жана өнүктүрүү.
Мелдеш достук кырдаалда өттү. 20дан ашык катышуучу актуалдуу темаларда жасап жана ойлоп чыккан иштерин тартуулашты. .
Идеяларды/долбоорлорду баалоодо эксперттер катары ишкерлер, бизнес-тренерлер, мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыгышты.