Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


Студенттердин Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаты менен жолугушуусу 2022-жылдын 23-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбекович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу ЭС9-1-21 группасынын куратору Ч.Т.Керимовдун демилгеси менен жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Ж.К.Кыдырмаеванын жетекчилиги астында уюштурулду. Жолугушууда студенттер электр энергиясы, билим берүү тармагы, саясий мамилелер, спортту өнүктүрүү, таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү көйгөйлөрү, жол кире акысын кымбаттатуу боюнча талаш пикирлер, чек ара коопсуздугу ж.б. кызыктуу суроолорду беришти. Ошондой эле, алар дагы депутаттардын сессиясына катышып, болуп жаткан процессти өз көздөрү менен көрүштү. Маектешүү биздин студенттер үчүн абдан кызыктуу, мазмундуу жана маанилүү болду. Алар депутаттан чоӊ түрткү жана пайдалуу кеңештерди алышты. Өз кезегинде Жаныбек Болотбековичке бизге бөлгөн убактысы жана кызыктуу маеги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

07:04