Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


        Учурда социалдык терс көрүнүш – терроризм жана экстремизм жөнүндө көбүрөөк угуп жатабыз. Жалпысынан кылмыштуулуктун статистикалык аз үлүшүнө карабастан, террордук актылар көп сандаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып, бир эле учурда бүтүндөй бир өлкөнүн же алтургай дүйнөнүн тургундарына коркуу сезим жаратып, мамлекеттик бийликке шек келтирип, укук коргоо системасынын беделин түшүрүп, миңдеген адамдарды жабыркатып жатат.

        Ошол себептен И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин №1 жатаканасынын 60 дай студенттерине бүтүндөй өлкөбүздү курчап турган орчундуу тема болгон  “Терроризм, экстремизм, аны менен күрөшүүнүн жолдору жана улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу” темасындагы лекция өткөрүлдү! Лекцияны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ОИИБнин милициянын капитандары Ю.А.Абдуманнапов жана Б. Олжобай кызы окушуп,  андан соң ИИББ ОИИБнин кызматкерлери тарабынан тартылган фото жана видео тасмаларды көрсөтүштү.

        Лекцияда биздин студенттер террористтер тарабынан жасалган террордук акттар, терроризм менен экстремизмдин түрлөрү, алардын себептерин талдоо, алдын алуу, популярдуу Whatsapp мессенджеринде керексиз SMS жөнөтүү жана ал эмне менен коштолоору жөнүндө пайдалуу маалыматтарды алышты.

         Лекциядан кийин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин КККнын БИИнин милициянын майору Э.Д.Арсыматов, капитан М.Адилов жана ага лейтенант М.Акылбеков студенттерге уурулук жана анын жазасы,  аракечтик, энергетикалык ссусундуктардын зыяндуулугу, наркомания, чылым чегүү ж.б. жөнүндө маалыматтарды беришип, студенттерди бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга чакырышышты.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ОИИБнин милициянын капитандары Ю.А.Абдуманнаповго, Б. Олжобай кызына жана Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин КККнын БИИнин милициянын майору Э.Д.Арсыматовго, капитан М.Адиловго жана ага лейтенант М.Акылбековго убактыларын бөлүп, биздин студенттерибиз менен баарлашкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!