Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


    “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына карата ак ниет эмгеги, өндүрүштөгү жетишкендиктери жана транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин “Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо” адистигинин окутуучусу Чакаев Эрмек Абакирович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

       Чакаев Эрмек Абакировичти алган сыйлыгы менен жалпы колледждин кызматкерлери куттуктайбыз! Бул сиздин жогорку жеке сапаттарыңыздын түздөн-түз ырастоосу, мындан аркы ийгиликтүү жашоо жолун, алдыга койгон пландарыңыздын, масштабдуу максаттарыңыздын тез арада ишке ашуусун каалайбыз!