Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


           2022-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын катышуусунда “Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Форумга Кыргызстандын бардык жеринен жана КМШ өлкөлөрүнөн келген эң таланттуу мектеп окуучулары жана студенттери катышты. Бул форум жаш таланттарды аныктоо жана өстүрүүгө  багытталган.

           Келечектеги изилдөөчүлөр, техниктер жана ойлоп табуучулар программалоо, IT, робототехника, энергияны үнөмдөө, телекоммуникация жана башкалар сыяктуу актуалдуу тармактарда өздөрүнүн долбоорлорун, макеттерин, программаларын, веб-сайттарын, өнөр жай жана коммуналдык үлгүлөрүн көрсөтүштү жана коргошту.

           Эл аралык сынакка И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин ТОСВТ9-1-19 тобунун студенти Нурсултан Турдубеков да катышты. Ал иштеп чыккан куткаруучу дрон “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар” номинациясында 2-орунга ээ болду. Өзүнүн талантын, билимин жана жөндөмүн ийгиликтүү көрсөтүп, Нурсултан 2-даражадагы диплом жана активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланды.

Нурсултан Турдубековду  жетишкендиги менен куттуктайбыз! Бул жеңиш чыгармачылык жана ойлоп табуучулук жолдогу жеңиштин  башталышы гана болсун.