Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2020-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Москва классикасы” Бүткүл дүйнөлүк бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы жана коомдук фонддун колдоосу менен Бишкекетеги Россиялык илим жана маданият борборунун уюштуруусу алдында советтик жана россиялык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн бирдиктүү күнү болуп өттү.

   Жолугушууга Чүй облусунун жогорку класста окуп жаткан окуучулары жана өз өлкөсүндө иштеп, жашап жатышкан Россия ЖОЖдордун кыргызстандык бүтүрүүчүлөрү чогулушту.

      2+2 программасы боюнча универститетти аяктаган Москва энергетикалык институтунун бүтүрүүчүлөрү Талантбек Маматеминов, Торогелди Сартбаевдер аларга таяныч болгон окутуучуларын жана студенттик жылдарын эскеришти.

     Официалдуу бөлүктүн аякташы менен жогорку класстагылар Санкт – Петербург мамлекеттик университетинин, М. Амоссов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин, Түштүк-Батыш мамлекеттик университетинин, Тюмен индустриалдык университетинин билим берүү программасы менен таанышышты.

  Ошол эл учурда Россия ЖОЖдордун кыргызстандык бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда “Кече. Бүгүн, Эртең” аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Катышуучулар Кыргызстандагы россия ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги жана коомдук ишмердүүлүгүнүн кеңейиши тууралуу жана абитуриенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн так иштери менен, Россияда билим алууну каалагандар тууралуу талкуулашты.