Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Отурум МЭИ жана БББПИ  КМТУнун катчылыгынын кызматкрлери тарабынан уюштурулду жана Онлайн режиминде өткөрүлду. Чогулушта "И.Раззаков" атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.Дж.Жаманбаев жана "МЭИ" Улуттук изилдөө университетинин ректору Н.Д.Рогалев чогулгандарга куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Бүгүнкү күндө консорциумдун курамына Кыргызстандын 8 жана Россиянын 30 алдыңкы ЖОЖдору киришкен. Кезектеги жалпы чогулуштун программасына ылайык өткөн жылдагы иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, заманбап шарттагы биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү практикасы, Россиянын жана Кыргызстандын өнөктөш ЖОЖдорунун тажрыйбасы сыяктуу ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери чагылдырылды. ОККТУ жыл сайын өзүнүн катарын кеңейтүүдө.Ошентип, бул интеграциялык бирикменин курамына жаңы мүчөлөр кирди:
- Кыргыз-Өзбек университети,
- Мурман мамлекеттик арктикалык университети,
- С.Орджоникидзе атындагы Россия мамлекетттик геологиялык чалгындоо университети,
- Тундуккавказ федералдык университети.
    БББПИнун директору Т.С.Борукеев Техникалык университеттин Орус-Кыргыз консорциумунун иши боюнча катчылыктын Кыргызстандагы бөлүмүнүн отчетун тааныштырды.
    Өткөн 2019/20-жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда Консорциум биргелешкен билим берүү программасынын 256 студенти 21 даярдоо багытында окутулгандыгы белгиленди. Студенттердин көпчүлүк бөлүгү бакалавриат программасы боюнча окутулат ошондой эле, бир нече магистр жана адис программалары ишке ашырылууда. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "МЭИ" улуттук изилдөө университети, Д.Ф.Устинова атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университети жана Казань мамлекеттик энергетикалык университеттери менен биргелешкен программалары эки дипломду алуу менен аяктайт.
    Жыйынтыктоочу аттестацияны жүргүзүүдө аралыктан зонддоо технологияларын колдонуу 2020-жылдагы өзгөчөлүк болду, мурунку жылдарда да бир катар биргелешкен программалар онлайн режиминде биргелешкен коргонуу менен аяктаган.
    Жалпы чогулушта кыргыз студенттеринин жана биргелешкен билим берүү программалрынын бутүрүүчүлөрүнүн жогорку активдүүлүгү жогору белгиленди. Алар Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн уюштурган орус ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн бирдиктүү күнүнө катышышат жана Кыргызстандагы орус бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын активдүү мүчөлөрү болушат.
    Ушул эле күндөрү Орус-Кыргыз консорциум техникалык университеттери "Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер" VI Эл аралык илимий-техникалык конференциясын өткөрүлдү.
    Жыйынтыктоочу докладты биздин университеттин илимий иштер боюнча проректору Р.М.Султаналиева жасады. Мурда маалымдалгандай, секциялык отурумдар ушул жылдын 15-мартынан 25-майына чейин онлайн режиминде болгон.
Жыйынтыгында, Консорциумга мүчө-ЖОЖдордун өкүлдөрү Консорциумдун 2020/21-жылга карата иш планын жана жалпы чогулуштун протоколун бекитти.