Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.16-июнунда (№ 75-протокол) Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиктин (АРКА/ IAAR) Аккредитациялоо кеңешинин чечими менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 5 жылдык мөөнөткө эл аралык программанын аккредитациясын төмөнкү 10 билим берүү программаларына алды:

PhD докторантура, баштапкы аккредитация

1) 741000 Тамак-аш азыктарынын технологиясы

Магистратура

1) 510200 Колдонмо математика жана информатика;

2) 580100 Экономика;

3)670200Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо;;

4) 750500 Курулуш;

5) 750100 Архитектура;

6) 740200 Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү;

7) 550800 Кесиптик окуу.

Бакалавриат

1) 740100 Өсүмдүк чийки затынан тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү;

2) 740200 Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү;

Аккредитациялык кеңеш И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин билим берүү программалары эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берет жана аккредитацияланган программалардын европалык реестрине киргизилет деп чечти.

Эл аралык аккредитациянын сертификатын алуу билим берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатынын кепилдиктерин, алардын эл аралык талаптарга шайкештигин ырастайт, университеттин академиялык жагымдуулугун жана негизги кызыкдар тараптардын билим берүүнүн натыйжалуулугуна жана билим берүү программалары ишке ашырууда ага болгон ишеним деңгээлин жогорулатат.

Белгилей кетсек, IAAR билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча эл аралык аккредитациялык агенттик жана Жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча Европа ассоциациясынын (ENQA) толук кандуу мүчөсү.

Алынган натыйжа мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына, эл аралык критерийлерге жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жогорку сапаттагы кесипкөй кадрларды даярдоого багытталган университеттин бүткүл жамаатынын кесипкөйлүгүн жана жакшы координацияланган ишин айгинелейт.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жамаатын эл аралык аккредитациядан өтүшү менен куттуктайбыз жана сиздерге чың ден соолук, жемиштүү ишмердүүлүк жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!