Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


И.Раззаков атн. КМТУнун Технологиялык институтуна Эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн боюнча  Казакстандын Алматы технологиялык университетинен (АТУ) 48 студент “Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү”, “Биотехнология”, “Стандартташтыруу жана метрология”, “Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу”,«Жашылча сырьёсунан тамак-аш продуктыларын чыгаруунун технологиясы» багыттары боюнча практикалык окууга келишти.

Практиканын жүрүшүндө АТУнун студенттери Бишкек шаарынын төмөнкү өнөр-жай ишканаларында болушту: «Саамал» ЖЧКсы, «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасы, «Шоро» ЖЧКсы, «Кыргыз Конягы» ЖЧКсы, «Супара» жана «Дасмия» этно-комплекстери, «Технолог» УОК жана РКБ.

КМТУнун практика жетекчилери атайын дисциплиналар боюнча ишкананын түзүмү, мультимедиялык технологияларды колдонуу менен чыгарылган продукциянын ассортименти жана технологиясы боюнча жеке сабактарды жана лекцияларды өткөрүштү, анда студенттер техникалык документтер менен таанышышты.

Ишканаларга топтук экскурсиялар уюштурулуп, анда студенттер өндүрүштүн тарыхы жана өндүрүштүк линиялар менен таанышышты. Ошондой эле кафедралардын жана институттун жетекчилери менен жолугушуу болду. Анын жүрүшүндө стажёрлор практика тууралуу өз ой-пикирлери жана таасирлери менен ой бөлүшүштү.