Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


И. Раззаков атн. КМТУнун студенттери "Балдар күнүнө" карата балдар үйлөрүндө жана балдардын реабилитациялык борборлоруна барып, келишти.

Студенттерибиз сыйкырдуу майрамдык атмосфераны түзүү үчүн ар түрдүү сынактарды, оюндарды жана чыгармачылык иш-чараларды уюштуруп, керектүү белектерди тартуулашты.

Майрам күнү студенттер ар бир балага баалуу жана сүйүктүү экенин көрсөтүүгө аракет кылышты. Бул тажрыйбанын аркасында студенттерибиз оор кырдаалга кабылган балдарга колдоо көрсөтүүнүн жана аларга кам көрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүштү.

“Балдарды коргоо күнүндө” биз ар бир жаранды ар бир баланы колдоого, коргоого жана бакубат жашоого салым кошууну унутпашына чакырабыз