Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.1-июнунда Н.Исанов атн. № 2 кампустун чоң жыйындар залында «Имараттарды долбоорлоо» профили боюнча 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу азем башталаар алдында чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, андан соң И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев бүтүрүүчүлөргө насаат сөздөрү менен өз куттуктоосун жолдоду.

Ректор диплом алуу ар бир студенттин жашоосундагы эң таасирдүү күн экенин белгилеп, бардык бүтүрүүчүлөргө дипломдорду жеке өзү тапшырды.

Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен «Имараттарды долбоорлоо» профилин 44 студент бүтүрүп, анын ичинен 7 студент артыкчылык дипломуна ээ болушту.

Бүтүрүүчүлөрдү дипломдор менен ошондой эле: Н.Исанов атн. КИКИнин директору ф.-м.и.к., доцент Маматов Ж.Ы. «ИКДжСК» кафедрасынын башчысы Андашев А.Ж., каф. доценти Өмүрова А.А., улук окутуучу Алиева Д.К. куттукташты

«ИКДжСК» кафедрасынын башчысы. доцент Андашев А.Ж. өз сөзүндө  - биздин бүтүрүүчү Рустамов Дастан Рустамович, ПЗ-1-18 т. студенти Италиянын Болонья университетинин «Курулуш инженериясы-Архитектура» багыты боюнча магистратурага кабыл алынганын айтты.

Чогулгандардын көбү ПЗ-1-2-18, ПЗэ-1-19 топторунун студенттери Н.Исанов атн.КИКИнин  бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы Жарлыгына ылайык кайра түзүлгөн И.Раззаков атн. КМТУнун жаңы үлгүдөгү дипломдордун алгачкы ээлеринин бири болушкандыгын айтышты.

Жооп катары бүтүрүүчүлөр билим алган өз университетине, анын жетекчилигине жана окутуучуларына «узак» жылдар бою бөлүшкөн тажрыйбасы, чыдамкайлыгы, билими жана акылмандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жолуңуз ачык болсун! Ийгиликтер жарала берсин!