Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.10-апрелинен 28-апрелине чейинки мезгилде “Билим-Стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин ТЭК 33 билим берүү программасы боюнча магистратура, адистик, бакалавриатты программалык аккредитациядан өткөрүү үчүн И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, курамында ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттер: ЖОЖдордун өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана студенттер келишти.

Аккредитациялоонун жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү жалпы университеттин жана анын жеке программаларынын сапатына, «Билим-Стандарт» агенттигинин белгилүү критерийлерине жана стандарттарына ылайык келүүсүнө баа беришти.

Ошондой эле эксперттик топ жетекчилик, окутуучулар, студенттер, магистранттар, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр менен маектешишти.

ТЭК мүчөлөрү билим берүү программалары боюнча окуу сабактарына, ошондой эле жатаканага, жыйындар залына, китепканага, Студенттерди тейлөө борборуна, Квалификацияны жогорулатуу борборуна, адистештирилген аудиторияларга, лабораторияларга жана практикалык сабактарды өткөрүү жайларына барышты.

Эксперттер түзүлгөн шарттарга, уюштуруучулукка жана окутуунун натыйжаларына, атап айтканда, окуу процессинин сапатына, кадрлар менен камсыз болушуна, университеттин материалдык-техникалык абалына, инновацияларды колдонуу тажрыйбасына, заманбап технологияларга жана окутуу усулдарына, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө баа беришти.

28-апрелде университеттин жетекчилиги жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен ТЭКтин жыйынтыктоочу жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө И.Раззаков атындагы КМТУга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча пикирлер менен тааныштырышты.

Өз корутундусунда эксперттер аккредитацияланган билим берүү программалары боюнча окуу процессин жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды беришти жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын жана корпоративдик рухунун жогорку деңгээлин белгилешти.