Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Орус тилдүү студенттер үчүн «Маалыматтарды анализдөөнүн негиздери» курсунун үчүнчү агымы аяктады.

Курстун лекциялары жана практикалык сабактары Финляндиядан келген эксперттердин окуу планынын негизинде И.Раззаков атындагы КМТУнун эксперттери тарабынан өткөрүлдү.

Окуу лагеринин жыйынтыгында катышуучулар төмөндөгүлөрдү өздөштүрүштү:

- маалыматтарды талдоо боюнча негизги билим;

- маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана визуалдаштыруу куралдары: Excel, PowerBI, SAP Predictive Analytics, Orange, Jupyter Notebook;

- маалыматтар дүйнөсүнө чөмүлүү үчүн реалдуу учурлар.

Эскерте кетсек, бул курс Евробиримдиктин “Кыргызстанда санариптик трансформацияны колдоо” эки тараптуу кызматташуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.