Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Жакында Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил айымдын И.Раззаков атындагы КМТУга иш сапары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т.У.Ильменаудан келген делегация, И.Раззаков атындагы КМТУнун жетекчилиги, Кыргыз-Герман техникалык институтунун кафедра башчылары менен жолугушуу уюштурулуп, ошондой эле КМТИнин лабораторияларына экскурсия уюштурулду.

И.Раззаков атн. КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. Германиянын элчиси Габриэла Геллил айымды КМТУнун ишмердүүлүгү жана Германия менен Кыргызстандын университеттеринин ортосундагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

КМТИнин директору Усупкожоева А.А. КМТИнин  бет-ачары менен тааныштырды, анда ал институттун билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу толук баяндап берди.

ТУ Ильменаудан келген делегациянын башчысы Ханнес Тоепфер мырза элчиге ТУ Ильменау жана КМТИ ортосунда билим берүү жана илимий программалардын алкагында алдыда боло турган биргелешкен иштер тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил Кыргызстан Германия үчүн стратегиялык өнөктөш экенин жана ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө кызматташууга ар дайым кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, Германия үчүн билим берүү жана илим тармагы эки өлкөнүн биргелешкен кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары болуп кала берет жана Германия мүмкүн болушунча, болгон кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакты колдоого бардык күч-аракетин жумшамакчы.

Габриэла Геллил айым КМТИ студенттеринин немис тилин тереңдетип үйрөнүүсү Германияда билимин улантууну каалаган болочок кадрларды даярдоодо артыкчылыктуу багыттардын бири болушу керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда ал акыркы жылдары көптөгөн мектептерде немис тилин окутуу кыскарганын, бул көрүнүш келечекте Германиядан билим алууну каалаган балдар үчүн оптимисттик эмес деп эсептей турганын баса белгиледи.

Немис тили борборунда  аталган борбордун жетекчиси Ш.Токтосунова элчиге КМТИнин адистиктеринин студенттерине немис тилин окутуунун жаңы усулдары менен тааныштырды.

КМТИнин лабораторияларын кыдыруунун жыйынтыгында Габриэла Геллил айым инженердик кадрларды даярдоонун приоритеттүү багыттарынын бири гендердик теңчиликке өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Анткени, акыркы убакта так илимдерге анчалык деле көп кыздар кызыкпайт, ал эми инженерия, математика, табигый илимдерди тандаган кыздар аз, бул көп өлкөлөрдө анчалык жакшы көрсөткүч эмес.

Соңунда Элчи Габриэла Геллил айым чакырып, экскурсия уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз-Герман техникалык институтуна мындан аркы ийгиликтерди каалады.