Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.13-14-мартында “Продукцияларды, процесстерди өнүктүрүү жана жыгач эмес токой продукциялары боюнча чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу туруктуу жерди башкарууга көмөктөшүү жана Борбор Азиядагы агротокой чарбалык нарк чынжырлары” - SUFACHAIN долбоорунун эки күндүк баштапкы семинары  “Плаза” мейманканасында аяктады.

Семинарга 60 адам катышты. Семинардын ачылышында окуу иштери боюнча проректор Элеманова Р.Ш. чыгып сүйлөдү.

Семинардын негизги максаттары:

- долбоордун түзүмүн жана бардык жети жумушчу пакеттин бет-ачары;

- алдыдагы иш-чараларды жана ар кандай пакеттерди толук пландаштыруу.

SUFACHAIN долбоору Германиянын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын университеттери, илимий-изилдөө институттары, бейөкмөт уюмдары жана кайра иштетүүчү компаниялары менен биргеликте Федералдык Билим берүү жана изилдөө министрлигинин (BMBF) 1,8 миллион еврого жакын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.

Кыргызстандан өнөктөштөрдүн катарына И.Раззаков атн. КМТУ кирет, атап айтканда, «Тамак-аш өндүрүшүнүн технологиялары» жана «Консервалар жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы» кафедраларына 2-жумуш пакетин ишке ашырууга катышкан «Тамак-аш өнөр- жайынын технологиясы жана продуктуларын иштеп чыгуу» Дрезден технологиялык университетинин проф. Томас Хенле. Долбоордун жетекчиси - профессор Дитрих Дарр (Dietrich Darr).

Бүгүн семинардын катышуучуларынын тобу Кыргызстандын аймагындагы агротокой чарба системасы менен таанышуу үчүн Баткен облусуна учуп кетишти.