Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.16-17-мартында Бишкекте ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин: «ЭКБ, инновациялык иштеп чыгуулар жана өзгөчө экономикалык шарттарда санариптик трансформация» аталышында эл аралык энергетикалык форуму болуп өттү.

Форумга Энергетика министрлигинин, ири энергетикалык компаниялардын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин университеттеринин жана долбоорлорунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада ар кандай маселелерди, анын ичинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин энергетикалык баланстарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, өзгөчө экономикалык шарттарда гендердик маселелерди эске алуу менен санариптик трансформация жана энергетика тармагындагы кадрдык ресурстарды эске алуу менен энергетика системаларын өнүктүрүүгө аялдардын катышуусун талкуулоо камтылган.

Форумда ЕАЭБдин ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эксперттердин жана катышуучулардын баяндамалары жана бет-ачарлары сунушталып, анда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды колдонуу, ошондой эле өзгөчө экономикалык кырдаал шартында санариптик трансформациянын көйгөйлөрү сыяктуу энергетика чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкуулашты. Форумдун катышуучулары ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык кызматташтыгын жана аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Форумду Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы жана Евразия экономикалык комиссиясы уюштурган. Иш-чара энергетика тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине көңүл буруу жана эксперттер менен тармактын катышуучуларынын тажрыйба жана билим алмашуусуна аянтча түзүү максатында уюштурулган.

Бул форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы менен И.Раззаков атн.Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Кыргызстан), Даукеев атн. Алматы энергетика жана байланыш университети. (Казакстан) ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Кол коюлган  меморандумга ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда энергетика тармагындагы студенттер менен адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу жүзүгө ашырылмакчы.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Эл аралык энергетикалык форуму аймактагы энергетика тармагындагы талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды жана бул тармакты колдоо жана өнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иш-чара болуп калат деген ишеним менен форумдун катышуучулары өз ишин жыйынтыкташты.