Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 21-февралда И.Раззаков атн. КМТУнун Н.Исанов атн. кампусунда кезектеги «Карьера жана практика күнү» иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чарага транспорт тармагына (профильдер: Көтөргүч жана транспорт, курулуш, жол машиналары жана жабдуулары; Автоунаа жана автомобиль чарбасы, Автомобиль кызматы; Тоо-кен машиналары; Автомобиль жана темир жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер) тиешелүү адистерди даярдоо багытында билим алган 3-4 курстун студенттери катышты.

Бул жолу иш берүүчү – белгилүү «Борусан Макина Кыргызстан» ЖЧК компаниясы менен жолугушуу болду. Маалым болгондой, бул тоо-кен, курулуш жана жол тармактары үчүн атайын жабдууларды, алдыңкы жабдууларды жана транспорттук жана технологиялык машиналардын ар кандай түрлөрүн берүүчү алдыңкы  мекеме болуп саналат.

Алгач «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор Сүйүнтбеков И.Э., катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылды. Андан соң КМТУнун Карьера жана практика борборунун директору Каримова М.Т. жана Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, т.и.к., доцент, Маматов Ж.И. сөз сүйлөштү.

Андан соң аталган компаниянын түстүү презентациясын HR менеджери Дубикова А.А. жана окутуу боюнча инструктор Сердюк И.Н. сунушташты. Иш-чаранын соңунда студенттер компаниянын Кыргызстандагы учурдагы ишмердүүлүгү жана келечеги тууралуу бардык суроолоруна толук жооп алышты.